Жалал-Абадда хирургдар бейтаптын жүрөгүнөн теннистин тобундай болгон тромб алып чыгышты





Түштүк аймактык жүрөк-кан тамыр хирургиясы илимий борборунун дарыгерлери Жалал-Абадда бейтаптын жүрөгүнөн теннистин тобундай тромб алып чыгышты. Бул тууралуу өзүнүн жеке баракчасына профессор Калдарбек Абдраманов жазып чыкты. Анын билдирүүсүнө ылайык, топ формасындагы тромб дарыгерлердин тажрыйбасында биринчи жолу болуп жатат. Тромб улгайган бейтаптын жүрөгүнөн табылган.
"Негизи тромб түз эмес контурда болот. Менин оюмча, китептерде мындай топ түрүндөгү тромб болгон эмес. Биздин адистер азыр маалымат издеп жатышат. Бул тромб менен бирге биз бейтаптан митиралдык клапанды да алдык. Бейтаптын абалы жакшы, өзүн жакшы сезүүдө. Операциядан эртеси күнү аны палатага котордук", - деди Абдраманов.
Калдарбек Абдраманов 2014-жылы электр энергиясы өчүп калганда бейтаптын жүрөгүнө телефондун жарыгынын жардамы менен операция жасаган.
Жалал-Абадда бейтаптын жүрөгүнөн теннистин тобундай болгон тромб чыкты








1 |