super.kg logo

Чек ара кызматы: "Тажик тарап Кыргыз жаранын чек араны бузуп киргени үчүн кармаган"

 

Тажик тараптын "Чарку" базарына 24-октябрь күнү кирип, бүгүнкү күнгө чейин дайыны чыкпай жаткан Асылбек Каримов тууралуу мамлекеттик Чек ара кызматы SUPER.KG порталына айтып берди. Чек ара кызматынын маалыматында, Кыргыз жараны чек арадан өтүүдө мыйзамга туура келбеген аракеттерди жасаганы үчүн кармалган. Эми кыргыз тарап тажик тарапка алардын мыйзамына ылайык өлчөмдөгү айып пул төлөшү керек.

"24-октябрда Тажикстандын чек арасынан Кыргыз жараны Асылбек Каримов кармалган. Тажик тараптын билдирүүсүнө таяна турган болсок, Каримовду тажик тарап чек арадан мыйзам бузганы үчүн кармаган. Баткен облусунун чек ара кызматы бул боюнча тажик тарап менен жаранды өлкөсүнө кайтаруу боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн. Тажикстандын чек ара кызматы Кыргыз жаранын кайтаруу үчүн ал айып пул төлөө керек экенин билдирген. Учурда Кыргыз өлкөсүнүн Чек ара кызматы жана Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы Кыргыз жаранын өлкөсүнө кайтаруу үчүн аракеттерди көрүп жатат", - деди Чек ара кызматынын маалымат кызматынан.






Баткендин тургуну Тажикстандын базарына кетип беш күндөн бери келе элек

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
29.10.2019. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткенге да канчалаган тажик жарандары кирип жүрөт ошолорду да кармап айып пул салбайсынарбы анда.
SUPER.KG видео
30.10.2019. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа таджиктер тынчытып коюшпаса эле, ал жакка кирген кыргыздар тируу чыгышы кумон. Кыргыздарга келген таджиктер ойноп кирип чыгып кетишет. Кыргыздар кирсе алар соо коюшпайт.
SUPER.KG видео
30.10.2019. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол Сокени шайлаган өзүңөр эми азабын тартып жата бергиле .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: