Бишкек шаарынын вице-мэри алдыңкы жылдарда калаа кандай өзгөрүлөрүн айтты





29-октябрь күнү Бишкек шаарынын вице-мэри Мирлан Амантуров Биринчи Май районунун аймагын кыдырды. Кыдыруу учурунда вице-мэр жаңы курулуп жаткан Түлөбердиев менен Көкчөтоо көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакта жүрүп жаткан иштерден кабар алды. Кыдырууга шаардык кызматтардын жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.
Мирлан Амантуров Биринчи Май районунун аймагын кыдыруу учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, шаардын жарыктандыруу жана оңдоп-түзөө иштерин райондордун көзөмөлүнө өткөрүлгөнү жатканын айтып, шаарда курулуп жаткан жана алдыда курула турган сейил бактар жөнүндө айтып берди.
"Өзүңүздөр көрүп тургандай, Тулөбердиев менен Көкчөтоо көчөлөрүнүн кесилишине 11 гектардан ашык аянтка жаңы сейил бак курулууда. Бул сейил бак Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 75 жылдыгына белек болот. Сейил бакка Чолпонбай Түлөбердиевдин ысымын бергени жатабыз. Бул жердин өзгөчөлүгү - веложол жана атайын скейт сүйүүчүлөрү үчүн скейтдром курганы жатабыз. Ал атайын Орусиядан алынып келет, баасы 2 миллион сомдун тегерегинде 3 жыл өздөрү тейлеп беришет, кепилдиги менен", - деди вице-мэр Амантуров.
Вице мэрдин андан аркы кыдыруусу Щербаков менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жашоочулар менен жолугушуу жана Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасынын көчөтканасынан кабар алуу менен уланды. Биринчи Май районунун тургундары вице-мэрге өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтканга да жетишти. Мирлан Амантуров жашоочулардын кайрылуулары боюнча тиешелүү тараптарга тапшырма берилерин түшүндүрдү.
Бишкек сейил бактарга байыйбы? Мэрдин орун басары жакынкы иштер тууралуу айтып берди





1 |