"Сурабалдиева, Икрамов, Акаев, Момбеков сыртка чыккыла". Ак Үйдүн астында нааразычылык акциясы өтүүдө






Бүгүн, 31-октябрда Бишкек шаарында, Ак-Үйдүн астында митинг өтүүдө. Ага жер тилкелерибизди мыйзамдаштыра албай жүрөбүз деген 40тай адам келди.
Топтолгондор мындан 5-6 жыл мурун Сокулуктун Военно-Антоновка айылынан жер тилкесин алышып, ошол жерлерге бүгүнкү күнгө чейин үй сала албай жатышканын айтышат. Себеби аны мыйзамдаштыруу иштери ишке ашпай келет.
Топтолгон жарандар бул багытта иш алып барган депутаттардын сыртка чыгып, алардын көйгөйүн угуусун талап кылышууда. Айтымдарында, буга чейин да бул маселени көтөрүп келишкен, бирок жыйынтык болбой келет. Нааразы болуп жаткан тургундар, үй салууга уруксат берилбей жатканын айыл өкмөттөгүлөр ал жерлер багбанчылык багытындагы жер аянты деп айтып жатышканы менен түшүндүрүүшүдө. Арасында ал жер тилкесин 5 миң долларга сатып алганбыз дегендер да бар.
Жер тилкесин мыйзамдаштыра албай жүргөндөр митингге чыкты
"Акчага жер тилкесин сатып алганбыз, үй курууга уруксат болбой жатат" деген тургундар митингге чыкты











1 |