super.kg logo

Жер тилкебизди мыйзамдаштыра албай жүрөбүз деп митингге чыккандар депутаттардын убадасын угуп тарап кетишти

 

2012-жылы Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынын аймагынан жер тилкесин сатып алып, бирок үй салууга уруксат ала албай жаткан жарандар бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин алдына нааразычылык акциясына чыгышты. Алар өкмөттөн сатып алган жер тилкелерине үй салууга уруксат берүүсүн суранып, акция өткөрүп жатканын билдиришкен.

Акцияга катышкандардын бири Шайырбү Раимова бийлик маселеге чекит коё албай жатканын айтып, нааразы болду.

"2012-жылы 4 миңге чукул адамга 4 сотыхтан жер сатылган. Ал жер тилкелеринин кээ бирлерине үй салынып, шагыл төгүлгөн. Биз депутаттарга кайрылуу жасадык, келип кеткиле деп чакырдык. Эч бир бийлик өкүлү биздин үнүбүздү укпай жатышат. Мисалы, мен жер тилкесин кызыма алгам. Кызым үч баласы менен батирден батирге көчүп ызылдап жүрөт. Менин үйүмдө толтура кайрылуу каттары турат. Алардын бирөөнө дагы алгылыктуу жооп болгон жок. Алардан мыйзамдын чегинде карап жатабыз деген жообунан башка сөз уга элекпиз", - деп билдирди ал.

Нааразы болгон эл эртең мененден тартып кечке чейин Ак Үйдүн алдында бийлик өкүлдөрүнөн жооп күтүп турушту.

Нааразычылык акциясы кечке чейин уланып, болжол менен аянттан саат 16:40 чамасында тарап кетишти. Бул тууралуу акцияга катышкандар билдиришти.

Алар Ак Үйдөн Тазабек Икрамов жана Нурбек Алимбеков кабыл алганын жана бул маселени чечип берише турганын айтып, убада бергенин белгилешти.






"Акчага жер тилкесин сатып алганбыз, үй курууга уруксат болбой жатат" деген тургундар митингге чыкты

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
31.10.2019. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жерди басып алып док кылгандар тажатты!
31.10.2019. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бишкектин 90 пайыз жаңы конуштарда документ жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: