Бишкек шаары Турдакун болуп өзгөрүшүн колдойсузбу? (сурамжылоо)
Кечээ, 4-ноябрда Нарын шаарында жаңыланган борбордук аянт ачылып, Турдакун Усубалиевдин айкелинин ачылыш аземи өткөн. Көрүнүктүү саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев дагы катышкан. Өлкө аймагында мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгына карата ири иш-чаралар байма-бай өткөрүлүүдө. Ал иш-чаралардын биринде Усубалиевдин ысымын борборго ыйгаруу сунушу дагы болду. Сунуш айтылары менен социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында кызуу талкууга алынды. Алар эки жээкке бөлүнүп, бул сунуш боюнча учурда дагы өз пикирлерин билдиришүүдө.
Аталган сунуш мамлекеттик ишмердин ысымын ыйгаруу боюнча алгачкы сунуш эмес. Буга чейин дагы анын ысымын беделдүү жерлерге ыйгаруу боюнча маселелер көтөрүлүп келген. Алсак, Киев көчөсүн анын атынан атоо сунушталган, бирок бул сунушка Турдакун Усубалиев атындагы фонд макул болгон эмес.
Мындан тышкары, Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылган. Ошондой эле Эски аянтка жана Тянь-Шань тоосунун чокуларынын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы берилген.
Буга чейин өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абадга болгон иш-сапарында Күрп-Сай ГЭСине Усубалиевдин ысымын ыйгаруу идеясын колдой турганын белгилеген.
Мындан улам SUPER.KG порталы бул тууралуу шаар тургундарынын пикирин укту. Шаар тургундары Бишкек шаарынын Турдакун деп аталуусуна кандай пикир билдиришет, видеодон көрүңүз.
Бишкек шаары Турдакун болуп өзгөрүшүн колдойсузбу? (сурамжылоо)



Такталбаган маалыматты же бир ушакты жаза бересизби?
Турдакундан.;)
Кайра Турдакундун ысмы берилген жайлардан Турдакундун ысмын алып салуу керек...
Бишкек бойдон калган жакшы.
Негизи шаардын аттары адамдын атына коюлган туура эмес. Убагы келсе Нур-Султан , Астана болуп калат. Себеби казак элинин өздөрүнө да жакпайт.