super.kg logo

Бишкек шаары Турдакун болуп өзгөрүшүн колдойсузбу? (сурамжылоо)

 

Кечээ, 4-ноябрда Нарын шаарында жаңыланган борбордук аянт ачылып, Турдакун Усубалиевдин айкелинин ачылыш аземи өткөн. Көрүнүктүү саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев дагы катышкан. Өлкө аймагында мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгына карата ири иш-чаралар байма-бай өткөрүлүүдө. Ал иш-чаралардын биринде Усубалиевдин ысымын борборго ыйгаруу сунушу дагы болду. Сунуш айтылары менен социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында кызуу талкууга алынды. Алар эки жээкке бөлүнүп, бул сунуш боюнча учурда дагы өз пикирлерин билдиришүүдө.

Аталган сунуш мамлекеттик ишмердин ысымын ыйгаруу боюнча алгачкы сунуш эмес. Буга чейин дагы анын ысымын беделдүү жерлерге ыйгаруу боюнча маселелер көтөрүлүп келген. Алсак, Киев көчөсүн анын атынан атоо сунушталган, бирок бул сунушка Турдакун Усубалиев атындагы фонд макул болгон эмес.

Мындан тышкары, Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган сүрөт көргөзмөсү ачылган. Ошондой эле Эски аянтка жана Тянь-Шань тоосунун чокуларынын бирине Турдакун Усубалиевдин ысымы берилген.

Буга чейин өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абадга болгон иш-сапарында Күрп-Сай ГЭСине Усубалиевдин ысымын ыйгаруу идеясын колдой турганын белгилеген.

Мындан улам SUPER.KG порталы бул тууралуу шаар тургундарынын пикирин укту. Шаар тургундары Бишкек шаарынын Турдакун деп аталуусуна кандай пикир билдиришет, видеодон көрүңүз.






Бишкек шаары Турдакун болуп өзгөрүшүн колдойсузбу? (сурамжылоо)

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -3 
Комментарийлер(44)
05.11.2019. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Койчу ай! Турдакунга караганда Фрунзе, Бишкек баатыр коп салым кошушкан, Султан Ибраимовдун же Искак Разаковдун атына койсо билбейм, бирок ашыкча эле чыгым, Башка орчундуу маселелерди чечип алгылачы, же зериктинерби?
kechirmeni түзөттү 2019-11-05 15:27:21
05.11.2019. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Жок!!!!
05.11.2019. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Кереги жок, ашыкча чыгымдын.
05.11.2019. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Татыктуу эмес борбор шаарга, айылына койсун атын
05.11.2019. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Кайсы мээси жок көтөрүп чыкты бул маселени? Башка кылаарга ишиңер жокпу?
05.11.2019. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Казакстанды туурап атасыңарбы????Таптакыр кереги жок !Башка проблеманы чечип алгылачы мисалы пособияны .
05.11.2019. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Чек арадагы кыргыз боордошторубуз кыйналып атышат, бир нерсени чечебиз деп белсенген болсонор биринчи ошондон баштагыла,каяктагы нерсени баштабай
05.11.2019. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Өлкөбүздө жетиштүү эле маселе бар. Өзгөртүүгө көп чыгым кетет. Анын үстүнө зарылчылык деле жок.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: