Ошто асынып алган аскер кызматкери каза болордон 3 күн мурда жол кырсыгына кабылып, унаасы жараксыз болуп калган
Оштогу №97480 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде иштеген аскер кызматкери өз үйүндө асынган абалда табылган. Маркум окуя болгондон 3 күн мурун жол кырсыгына кабылган. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 14-ноябрга караган түнү жол кырсыгына кабылган. Анда ал Матиз үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшүп, маркум баланын унаасы экиге бөлүнүп жараксыз болуп калган. Өзү жабыркаган эмес.
"Жоокердин иши Кара-Суу РИИБинде каралып жатат. Тактап айтканда, иш козголгон жок, бирок өлүмдүн себептери такталууда. Маалыматтар боюнча маркум кырсыкка кабылганда Матиз унаасынын айдоочусу жаракат алып, ооруканага түшкөн. Ал эми жүргүнчүлөр биринчи жардамды алган соң, үйлөрүнө кетишкен. Ал бул кырсык тууралуу атасына айтпоону өтүнгөн. Себебин ал буга чейинки унаасы менен жол кырсыкка кабылып, талкалап алганы менен түшүндүргөн", - деди басма сөз кызматкери.
Бир айдын ичинде 5 аскер адамы каза болду





1 |