Кыргыз өлкөсүндө 187 миңге чукул ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашайт







Бүгүн, 3-декабрда "Сейтек" балдар борборунда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнүнө карата атайын иш-чара өттү. Иш-чарага эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров катышып, коомду ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоп, коргоого чакырды.
Эркайым Мусаева Аминанын тайенеси. Ал небереси Аминаны кичине кезинен колуна алган. Айтымында, небере кызынын кулагы укпайт жана сүйлөй албайт. Анын апасы Орусияда, ал эми атасы балага каралашпайт жана анын кайда экени белгисиз.
Кийинки каарманыбыз Замира Камалованын кызы Мадина учурда 21 жашта. Ал балдардын баш мээсиндеги шал оорусунун аралашкан формасы менен жабыркап келет.
Кыргыз өлкөсүндө 187 миңге чукул ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашайт. Анын ичинен 31 миңин 18 жашка чейинки балдар түзөт. 1992-жылы БУУнун генералдык ассамблеясы 3-декабрды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнү деп бекиткен.
Жарлыктын максаты ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коомдун түзүмүнө киргизүү, өнүктүрүү, алардын билимин жогорулатууга салым кошуу жана колдоо болгон. Мындан улам дээрлик 28 жылга чукул убакыттан бери бул күн Кыргыз өлкөсүндө дагы даталуу күн катары белгиленип келет. Ал эми дүйнө жүзүндө ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар жалпы 1 миллиард жаранды түзүп, бул дүйнө калкынын 15 пайызын түзөт дегенди түшүндүрөт.
3-декабрь ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын күнү. Майрамдык иш-чарадан репортаж



