Жалал-Абад. Базар-Коргон районунда учурда 2000дей бала балдар бакчасына барат
Базар-Коргон районунда 2013-жылдын 6 айында 5 бала бакча ачылып, ишке берилген. Маалыматты аталган райондун акими Таалайбек Долдоев билдирди. Жыл ичинде 8 бала бакча ачуу пландалса, учурда 3 бала бакча курулууда. "Балдар жаштайынан сапаттуу билим алышы керек. Ал үчүн биз шарт түзүп берүүгө милдеттүүбүз",- дейт Долдоев. Ал учурда Базар-Коргон районунда 2000дей бала балдар бакчасына бара турганын кошумчалады.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:52
2026-06-04
10:40
2026-06-04
15:03
2026-06-03
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео















