super.kg logo
  Саясат  

Спикер Кыргызстанды дүйнө таанып баштаганын айтты

 

Бүгүн, 4-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында спикер Марлен Маматалиев өлкө жарандарын Кыргызстан БУУнун Коопсуз кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланышы менен куттуктады.

Парламент төрагасы буга чейин Кыргызстанды көп өлкөлөр тааныбай келгенин белгилеп, акыркы беш жылда президент Садыр Жапаровдун жигердүү саясатынын аркасында өлкө тышкы саясатта жакшы жетишкендиктерге жетип жатканын айтты.

"Эми мамлекетибиз дагы-дагы чоң абройго ээ болот. Экинчиден, биз дүйнөлүк масштабдуу маселелерди чечкенге катышабыз жана ал жакта өзүбүздүн көйгөйлөрдү чечкенге дагы мүмкүнчүлүк бар. Үчүнчүдөн, турист, инвестиция тартуу жагынан өбөлгө түзүлөт",- деди Маматалиев.






Спикер Кыргызстанды дүйнө таанып баштаганын айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: