super.kg logo
  Саясат  

Эрулан Кокулов Караколдогу суу каптаган МИКтин үйү боюнча маселе көтөрдү (видео) 

 

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов Каракол шаарында жамгырдан улам суу каптаган Мамлекеттик ипотекалык компаниянын үйлөрү боюнча маселе көтөрүп, ким жооптуу экенине кызыкты.

Эл өкүлү ал жерде болгонун айтып, курулуш сапатсыз экенин билдирди. Ошондой эле үйдү суу каптагандан кийин МИКтин окуя боюнча жооп бергенин сынга алды.

"МИК расмий жооп берген, бирок ал калп. Андай болгон эмес. Суу каптап кетүүнүн себеби - жамгырдын суусу топтолуп агып түшкөн түтүк. Дүйнө жүзүндөгү эң арзан баадагы түтүктү коюп коюшкан. Түтүккө күч келип, ал тешилип калган. Аны туура эмес да туташтырышкан. Жамгыр катуу жаагандан улам деген МИКтин жообу туурабы? Анда Бишкектеги үйлөрдүн баарын суу каптап калыш керек эле да. Бүткүл Кыргызстанга чыгып туруп ушинтип да калп айтса болобу? Азыр эми темир түтүк коюптур. Ал имаратка оордук келтирип, дубалдар да жарыла баштайт. Жабыркагандарга да барып келдим. Алардын батириндеги дубалдары кургай элек эле шыбак тартып, эптеп жаап жашырганы жатасыңар. Ал эртең эле көгөрүп чыгат. 8 кабаттуу үйдүн жер төлөсүнө чейин түшкөн суудан улам, көп кабаттуу үйдүн пайдубалына да зыйын келип жатат",- деди Кокулов.

Депутат жанындагы башка үйлөрдө да ушундай көйгөйлөр бар экенин кошумчалап, шалаакылык үчүн бирөө жооп бериши керектигин билдирди.

Эскерте кетсек, 19-майда Караколдо нөшөрлүү жаан жаап, МИК салган көп кабаттуу үйлөрдү суу каптаган.






Эрулан Кокулов Караколдогу суу каптаган МИКтин үйү боюнча маселе көтөрдү

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: