super.kg logo
  Саясат  

Хиджабчан кыргыз министри. Министр Сауд Арабиясында өткөн иш-чарага эмне үчүн хиджабчан барганы айтылды

 

Кыргыз өлкөсүнүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын Сауд Арабиядагы расмий сапарга хиджаб кийип барганы социалдык тармактарда талкууга түшкөн. Окуя тууралуу Кыргыз финансы министрлигинин басма сөз кызматынан комментарий беришти.

"Учурда Кыргыз өлкөсүнүн финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Сауд Арабиясында өтүп жаткан иш-чарага расмий өкүл катары катышууда. Сапардын алкагында, Ысык-Көл айланма жолун кайра куруу боюнча эки өлкөнүн ортосундагы кредиттик келишимге кол коюлду. Сауд Арабиясында аялдарга дене-мүчөсүн, чачын жапкан абайя стилиндеги көйнөк кийүү талабы бар. Министр дипломаттык этикетти сактап, кабыл алуучу тараптын диний өзгөчөлүктөрүнө, салт-санаасына, маданиятына сый менен карайт. Дипломатиялык этикетти сактоо маданиятты сыйлоо болуп саналат", - деп жазылат билдирүүдө.

Клинтон, Меркель, Обама, Трамп... Дагы кимдер Сауд Арабияга барганда хиджаб кийүүдөн баш тартышкан? Бул тууралуу макала окугуңуз келсе, ушул шилтемени басып өтүңүз.






Финансы министринин Сауд Арабиясына хиджабчан барганынын себеби айтылды

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 12 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: