super.kg logo
  Саясат  

Бишкек шаардык кеңешинин "Республика-Ата-Журт" фракциясы мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтөт

 

Азиз СуракматовБишкек шаардык кеңешинин "Республика-Ата-Журт" фракциясы мэр Азиз Суракматовго ишенбөөчүлүк көрсөтөт. Бул тууралуу журналисттерге шаардык кеңештин аталган фракциядан депутаты Гүлнара Молдобаева билдирген.

Анын айтымында, фракциянын мэрге карата ишеним көрсөтпөө чечими футболдук борбордун курулушуна карата мэр бир да документке кол коё электиги менен байланыштуу.

Айта кетсек, 25-декабрдан бери Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 28-сессиясына топтолушууда. Кечээ, 26-декабрда алар футболдук борборду курууга жер бөлүү маселесин карашмак. Сессия бүгүнкүгө жылдырылган болчу, бирок шаардык кеңештин депутаттары бул боюнча чечим мэрде калганын билдиришкен.

Бишкек шаардык кеңеши мэрияга Кыргыз республикасынын Футбол федерациясы менен футболдук комплексти курууга жер берүү боюнча протоколдук тапшырманы бекитүү тапшырмасын берген. Ага ылайык, мэрия Футбол федерациясына 6,5 гектар аянтты түзгөн жер тилкесин бөлүп бериши керек.






Бишкек шаардык кеңешинин "Республика-Ата-Журт" фракциясы мэрге ишенбөөчүлүк көрсөттү

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: