super.kg logo

Бишкекти ыш каптап жатат. Жаңы жылды салютсуз тосууга кандай карайсыз? (сурамжылоо)

 

Жыл тогошуп, жаңы жыл кирип келээрде пиротехникалык каражаттарды колдонгондор Кыргыз өлкөсүндө болбойт деп айтсак туура эмес болот. Анткени көпчүлүктүн аң сезиминде салюттар майрамдык маанайга шаң кошот деген түшүнүк калыптанган. Буга чейин 2016-жылы аталган каражаттарды өлкө аймагында сатууга жана колдонууга тыюу салынган.

Бул чечимди экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы кабыл алып, андан жабыркагандардын коопсуздугун алдын алуу менен тыгыз байланышта экенин түшүндүрүп, салют колдонгондорго 50 миң сом айып пул салган. Айрым маалыматтар боюнча пиротехникалык каражаттарды өндүргөн Кытай мамлекетинде дагы бул нерсени колдонууга чектөөлөр киргизилип, тыюу салынган. Анын максаты абаны жана экологияны коргоо болуп саналат.

Биздин сурамжылоого катышкан жарандардын дээрлик бардыгы пиротехникалык каражаттарды колдонбой тургандыгын айтышты. Аны алар абанын тазарышына кошкон салым катары түшүндүрүп беришти. Ал эми Бишкек мериясы 2020-жылкы Жаңы жыл майрамына карата 6 мүнөткө созулган салют аттырууга тиешелүү суммадагы каражат бөлгөн. Социалдык тармактын активдүү колдонуучулары демилгелеген акцияга карата калаа башчысынын кеңешчиси Гуля Алмамбетова мындай жооп узатты.

"Салют боюнча тендер өтүп, жыйынтыгы жарыяланып калган. Мындан улам биз бюджеттик кодексти сакташыбыз керек. Эгерде тендерден баш тартабыз десек, анда биздин бул ишке тиешелүү кызматкерлер жоопкерчиликке тартылып калышы мүмкүн.

Биз тартип боюнча өткөрүп жатабыз. Эгер ушундай эле чоң талкулоо жүрүп жатса, ар бир жаран өздөрүнүн депутаттарына айтып, ал шаардык кеңештин депутаты бизге токтом чыгарып берсе, ага биз баш ийебиз", - деди ал.






Жаңы жылды салютсуз тосо аласызбы?

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.12.2019. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен атмакмын коррупциянын гүлдөп өнүгүшүн белгилеп.Элди бийлик укпагандан кийин эл эмнеге бийликти угуш керек !!!
31.12.2019. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жок болсо жакшы эле болот
31.12.2019. 19:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Салют болгону еле жакшы салют жок деле Бишкектин абасы озгоргон жок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: