super.kg logo

Рактан айыгам деген Айжамал гепатитке кабылды. Өлкөнүн медицина тармагы сизди канааттандырабы?

 

Буга чейин SUPER.KG порталы "Бейтап рак менен күрөшөбү же гепатит мененби?". Өлкөдө өмүргө зарыл жабдуу жок”, - деген аталыштагы атайын иликтөө материалын жарыялаган. Анда залалдуу шишик дарты менен алышкан балдардын ата-энелери балдарына гепатит С дартынын жугуп калганын, жыйынтыгында жаш организм эки оору менен күрөшө албай, балдарынан ажырап калышканын айтып беришкен болчу.

Бул материал чыккандан кийин порталга онкологиялык оору менен күрөшүп жатып гепатит С дартын жуктуруп, эми эки дарт менен ооруп жаткан Айжамал Темирбекованын жеңеси Назик Камчыбекова кайрылды. Айтымында, алардын кызынын учурда абалы оор жана жардамга муктаж. Кыздын ата-энеси ушул тапта Индияда болгондуктан, алардын ордуна Камчыбекова өзү келип, дарт тууралуу айтып берүүнү туура көргөн. Анын билдиришинче, Айжамал Темирбекова 2016-жылдан бери кандын рагынын курч түрү менен ооруйт, кийин ага гепатит С дарты илешкен.

Бейтап Айжамал Темирбекова

“Ал жактан кызыбыз Айжамал гепатит С оорусуна чалдыкканы билинди. Акча каражатыбыз жетишпей жатканына байланыштуу, кайрымдуу кыргыз элибизден жардам сурайбыз”, - дейт бейтаптын жакыны.

Аталган видео материалда көрсөтүлгөндөй, дарттын жугуусуна өлкөдө кан алганда жана тапшырганда аны залалсыз кылганга керектүү жабдуулардын жоктугу себеп болушу мүмкүн деп түшүндүрүп беришкен. Иликтөө жарыялангандан кийин SUPER.KG иликтөөсүндө чагылдырылгандай, онкологиялык илдетке кабылгандар ПЦР анализин алган аппараттын жоктугунан улам гепатит С илдетин жуктуруп алып жатканы айтылууда. Өкмөттүн медицина тармагындагы иш алып баруусу сизди канааттандырабы? деген собол салып, тиешелүү адамдардын жообун уккан.

Сурамжылоого катышкан эл өкүлдөрү жана адистер өкмөттүн бул тармактагы иш алып баруусуна дээрлик канааттанбай турганын айтышты. Жарандык активист Нурказы Батырбеков: "Өкмөттүн саламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү ишине "нөл" деген баа берем" десе, Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев "медицина тармагын кардиналдуу реформа кылышыбыз керек" деп жооп узаткан.

Ал эми рак менен күрөшүп жаткан балдарга жардам көрсөткөн Биринчи балдар хосписин негиздеген Динара Аляева суроого мындай жооп берди."Силер абдан чоң көйгөйдү көтөрүп чыктыңар. бул көйгөй тууралуу 2015-жылдан бери айтып келе жатабыз. Биздин өлкөдө гепатит оорусун жуктуруп алуу кечээ эле башталган жок. 2008-жылдан бери эле ушул көрүнүш уланып келе жатат. Эгер бул маселе кечээ же бүгүн жаралса, анда дарыгерлерди күнөөлөсөк болот эле, бирок бул систем он жылдан ашык убакыттан бери уланып келе жатат. Демек ыкманы, системди, иш алып баруунун жөнүн өзгөртүү керек", - деп билдирген ал.

КҮНСОБОЛдун толук жооптору бул шилтемеде.


кошулду





Рактан айыгам деген Айжамал гепатитке кабылды

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Батырбек Зарлыков
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(8)
31.01.2020. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жок канаттандырбайт медицина бардак болгону аз келгенсип медиктер мед айымдар да сабатсыз
31.01.2020. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен эки деген баа берем Медицина тармагына. Азыр врач менен милицияга ишин тушпосун
01.02.2020. 19:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
диванда отуруп алып өзүңөр менен ишинер жок бирөөнү сындаганга койсо тазза акылдуу болуп кетесинер врачтарга мен рахмат айтат элем алып ооруканаларда канчалаган оорукчандар жатат баарын карап көзөмөлдөп турган докторлор силердин кылган жакшылыгыгарды жараткан озу көрүп турат ишинерге ийгилик каалайм
02.02.2020. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен 0деген баа берем колдорунан телефон тушпойт врачка кирсен да телефон чукуп же болбосо суйлошуп отура беришет сабатсыз грубый мамиле кылышат кагынып силкинип аларды бироо зордоп алып келип иштетип жаткансып адамдын ден соолугу ойлондуруп да койбойт
02.02.2020. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыр ар бир отд кирсен вайфайлары бар медсестралар сериал коруп отурушат
02.02.2020. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура мен да кошулам. Кээ бир врачтар текшербей туруп укол дары жазып берет. Суйлосон карап да койбогон врачтар бар. Озумдун башымдан откон.
02.02.2020. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ноль деген баа берем тим эле атасы салып берген клиникада иштеп жаткандай керсейишет анысы аз келгенсип сабатсыздары толтура акча менен бутургону билинип турат
02.02.2020. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин дарыгерлерден кудай сактасын коррупциянын очогу больница.Мамилелери корс
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: