super.kg logo

"Ош базары" бүгүн тынч. "Кыял" өндүрүштүк соода борборунун сатуучулары учурда иштеп жатышат

 

"Ош базарындагы" “Кыял” өндүрүштүк соода борборунун сатуучулары кадимкидей соода орундуктарында иштеп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 4-февралда сатуучулар билдиришти. Айтымдарында, учурда соодаларын кылып жатышат жана базар тынч.

Кечээ, 3-февралда “Кыял” өндүрүштүк соода борборунун сатуучулары нааразычылык акциясына чыгышкан. Алар жаңы келген администрация сатуучуларды иш орундарынан кууп жатканын айтып, арызданышкан болчу. “Жаңы келген администрация эмне үчүн мындай кылып жатат бизге түшүнүксүз. Алар мыйзамсыз тургансыңар деп кетишибизди талап кылышууда”, - деп билдиришкен окуя тууралуу SUPER.KG порталына.

Сатуучулардын нааразы пикиринен улам “Кыял” өндүрүштүк соода борборунун администрациясын көздөй багыт алып, атайын репортаж даярдаганбыз. “Соодагерлер жетекчилик бизди кабыл албай жатат, чалсак жооп жок”, - дешип тиешелүү тараптардын жооп берүүсүн талап кылышкан. Эл ызы-чуу түшкөндөн кийин администрация жабылган орундуктардын ачыла турганын кабарлап, сатуучулардын жабылган иш орундуктарын ачып беришкен. Толкуган эл “Кыял” өндүрүштүк соода борборунун директору Данияр Тербишалиевдин чыгып түшүндүрмө берүүсүн талап кылып, бирок андан жооп болгон эмес.






“Кыял” өндүрүштүк соода борборунун сатуучулары менен администрация ортосунда чыр чыкты

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: