super.kg logo

Блогер Элмир Сыдымановдун апасы президентке кайрылуу кат жасады

 

"Сыдыман" каймана аты менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдымановдун социалдык тармакта хейтерлер тууралуу айткан билдирүүсү коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. 17-февраль күнү ал Октябрь РИИБинин экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан 313-берененин (расалык, этникалык, улуттук, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу) негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 18-февралда блогердин баш коргоо чарасы каралып, ал эки айга камакка алынган.

Блогердин апасы Махабат Молдомусаева 21-февралда президентке кайрылуу кат жасады. Анда Махабат айым баласына эскертүү деле жетиштүү болмок экенин айтат. Катты өзгөртүүсүз беребиз:

"Урматтуу Сооронбай Шарипович, сизден башка кайрылчу арга жок калды. Биринчиден, сиздердин алдыңыздарда, жалпы кыргыз элинин алдында мен эне катары кечирим сурайм. Сизге кайрылуумдун себеби, баламдын соттук ишине адилеттүү кѳзѳмѳл жүргүзүп коюңузду ѳтүнѳм.

Мен, Элмир Сыдымановдун жалгыз бой апасы болом. Балам Инстаграмда Сыдыман деп катталып, блогерлик иш алып барчу. Анын блогерлик менен алектенүүсүн мен такыр туура кѳрбѳйм. Балам катуу жаңылып алды. Ал жаштыгы менен ѳзүнүн эмоциясына ээ боло албай, анын баракчасына катталган хейтерлердин сѳгүнгөн комментарийлерине жооп берем деп туура эмес сѳздѳрдү сүйлѳп алган. Балам ошол эле күнү сѳздѳрү хейтерлерге даректелгенин, жалпы түштүк элине эмес экенин тактап, кечирим сураган. Эми Элмир Кылмыш кодексинин 313 -беренеси менен шектелип, 7 жылга эркинен ажырашы мүмкүн деп жатышат. Видеону кѳрдүм. Сѳгүнүптүр, ѳз оюн айтыптыр, бирок эч кимди аймактык кастыкты жаратууга үгүттѳбѳптүр. Балама болгону түшүндүрүү иштери жетиштүү.

Менин акыбалымды түшүнүңүз. Эненин жүрѳгүн эске алыңыз. Элмир үйдүн улуусу жана анын кичинекей бѳбѳктѳрү бар. Сураштырсаңыз тез ынанасыз. Биздин жашоо шарт ѳтѳ оор. Элмир ѳзү жаш бала болгону менен биздин үй-бүлѳнү камсыз кылган жалгыз ушул бала. Балам кичи пейил, ѳзүнүн жардамын аябаган, саламы түз адам.

Айтмакчы, балама издѳѳ салынганын милиционерлер бизге айткан эмес. Балам Алматыда болчу. Үйгѳ укук коргоочулар келишип "балаңыз бизге жолугуп кетсин" деп эле билдирген. Балама ѳздѳрү дагы телефон чалышып, 17-февралда кел дешиптир. 17-февралда Элмир Бишкекке ѳзү келди, анан ошол күнү милиция бөлүмүнө балдар менен чогуу барып, ал жерден аны алып калышыптыр. Тергѳѳгѳ эч тоскоолдук жараткан жок. Эртеси, 18-февралда Элмирди коё бербестен эки айга камап коюшту.

Баламдан башка менин таянар кишим жок. Мен анда-санда ашпозчу болуп иштечү элем, эми жумуштан дагы айрылдым. Азыр мен сыртка чыга албай калдым. Элдин бетин карай албай калдым. Үч балам тең февралдын башынан бери кооптонуп мектепке барыша элек. Балам адам ѳлтүргѳн жок, уурулук кылган жок, эч бир адамдын ден соолугуна зыян келтирген жок, анын айткан сѳздѳрүндѳ эч кимди касташууга дагы чакыруу болгон жок. Болгону ѳз оюн сѳгүнүү сѳздѳр менен айтты. Эфирден сѳгүнгѳндүгү үчүн 7 жылга соттоо бул ѳтѳ адилетсиз.

Элмирдин эки жакты бѳлѳйүн деген такыр ою жок. Мен ѳзүм Жалал-Абад облусунун Кара-Кѳл шаарынан болом. Мен дагы түштүктүкмүн. Муну менен Элмирдин элди экиге бѳлѳйүн деген ою болгон эмес экенин баса белгилейм.

Сизден терең ѳтүнѳѳрүм, эне жүрѳгүн эске алып, биздин оор турмуш шартты эске алып, Элмирге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү гана жетиштүү экенин эске алып, баламдын соттук ишине, катардагы жарандын үнүн уккан айкѳл эл башчы катары адилеттүү кѳзѳмѳл жүргүзүп коюңузду тереӊ ѳтүнѳм", - деп жазылат кайрылуда.

Мындан тышкары блогердин апасы акыйкатчыга, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана укук коргоо органдарына дагы ушул эле кат менен кайрыларын кошумчалады.






Аймактар аралык кастыкты козутууга шектүү Сыдыман 2 айга камакка алынды

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(49)
22.02.2020. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+59
Ошол акыл насааттарынызды баланыздын кыргыз кыздарын эфирде уяткырып, же болбосо жыланчтанып обу жок нерселерди корсотуп жургондо айптай эмне кылып журдунуз эле эже! !!сиздин да энелик сезимдеринизди тушуном, бирок эми сабыр кылып куто турунуз, уулунуз аз да болсо адамдык сапатты жана чыныгы эркек кандай болуш керек экенин билип чыксын! !Сизге да куйумдуу болуп инилерин, карындаштарын дагы туура жолго уйронуусуно себепчи болсун!
22.02.2020. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Aidar.001, менин оюмду жазыптырсынар. Туура!
22.02.2020. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Aidar.001,ошо эне айтканды бала угуп койчу беле?!Бала 12жаштан баштап баш бербей баштайт,22деги баланы айтпай эле кой,тем более азыркы балдар...энеси айтпады дейсинби кой деп,айтып атат го туура эмес корчумун деп,ар бир эненин айтканын балдары угуп жашаса бул жашоодо уурулук,кылмыштуулук жок болбойт беле..
22.02.2020. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aidar.001,энеси баласынын кылып жургонун корбогондурда кайдан билесин,,интернетте отурбаса керек кундо ,,,7 жыл деген шумдукко,,,жаш балдарды зордуктап олтуруп деле эркиндикте жургондор Барго,5 адамды сузуп олтуруп сегиз жылга аран соттоштуго ага караганда бул эч нерсе эмесго салыштырмалуу,,оор кылмыш кылгандарды эч нерсе кыла алышпайтда ушундайларга жабышышат
22.02.2020. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Байкуш энелер ай.. Эссиз балдардын азабын эне гана тартат. Сыдыман сабак алып, мындан кийин жашоосуна өзгөртүү киргизер. 7 жыл албетте өтө оор жаза. Сыдыманды табалап алып өздөрү деле жашоодо элди бөлүп жүргөндөрдү көрүп жүрөбүз. Албетте мыйзам баарына бирдей болушу керек
22.02.2020. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Мындайды эч бир энеге каалабайм. Карга баласын аппагым дейт. Бирок деген жери бар эже сиздин баланыз балким жаштык кылды балким озу айткандай атын чыкпаса жер ортто дегендей болду бул баланыздын биринчи жолку кылыгы эмес буга чейин да канчалаган кыргыз кыздарды шылдындап келген анын баарын эске алсак баланызга 7 жыл да аздык кылат. Озбек болсо да мейли демекпиз бирок кыргыз болуп туруп кыргыздарды болуп жарган озунун эже карындаштарын шылдындаган уулдан келечекте кандай муунду кутсок болот
22.02.2020. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Камалсын жана дагы башкаларга сабак болсун
22.02.2020. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Мыйзам чегинде жазалансын, тилден кетти эми жооп берсин.
22.02.2020. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Эненин ою балада,баланын ою талаада.Байкуш эненди кыйнадын Элмир,ото уят.
22.02.2020. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Камалсын!!!
Камакта жаткандардын баарынын апасы бар!!!
22.02.2020. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
madina.87,туура камалган ушул тендуу балдардын копчулугунун энелери бар мыйзам чегинде жоопко тартылсын 7 жыл норма
22.02.2020. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Тарбияны башында бериш керек эле
22.02.2020. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жети жыл дагы аздык кылат бул баланын Буга чейинки баардык жосунсуз жоруктарын эске алганда Онбеш жылга камаса туура жаза болот
22.02.2020. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Камалсын Омур бойуга камап таштагыла бундайларды Ошуктар деген созуго емес Кыргыз кыздарды шерменде кылганыга к ..
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: