super.kg logo

Коронавирустан улам Бишкекте жер-жемишке болгон баа кымбаттады (видео)

 

SUPER.KG порталы жашылча-жемиштерди дүң жана чекене баада саткан “Сары-Өзөн” базарына барып, репортаж жасады. Сатуучулар базардагы сооданын жүрүшү, сатылып жаткан товарлардын мурункуга караганда кымбаттаганы тууралуу айтып беришти. Айтымдарында, аларга чек ара жабылгандан бери Кытайдан товар келбей калган.

Жапарбек Рахмидин уулу аталган базарда бир топ жылдан бери жашылча-жемиштерди дүң жана чекене баада сатып, иштейт. Күндүн суук экени анын жумушуна тоскоолдук жаратпайт. Сатуучу Түркия, Иран жана Пакистан өлкөлөрүнөн келген товарларды сатып, соодасын жүргүзүүдө.

"Азыркы сатып жаткан товарларымдын 90 пайызын Түркия, Иран жана башка өлкөлөрдөн келген товарлар түзөт. Кытайдан товар коронавирус чыкты деп айтылгандан бери келе элек. Бирок ал жактан жемиштер келбесе деле соодабыз өтүп жатат. Мындайча айтканда, Кытайсыз деле күн өткөрүп, соода кылса болот экен", - дейт ал.

Сатып алуучу Нурсат Эсеналиева базарга үйүндө азык-түлүк түгөнүп калган учурда келип, соода кылып турат. Ал Кыргыз-Кытай чек арасы жабылгандан бери алып жүргөн тамак-ашка керектүү азыктар кымбаттаганын билдирди. Бирок ал Кытайдан товар келбегенин чоң маселе катары көрбөйт. Тескерисинче, жергиликтүү азыктарды колдонсок ден соолугубуз бекем болмок дейт.

Базар жетекчилиги болсо сатуучуларда азырынча маселе жарала электигин билдирди.

Ал эми кечээ, 27-февралда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев чек ара жабылгандан бери айрым жер-жемиштер жана мөмө-жемиштер жок экенин, болсо да баасы кымбат болуп жатканын айтып маселе көтөргөн. Ал жер-жемиштердин тартыштыгы өлкөдө көп нерсе жок экенин ырастап жатканын айтып, элге шарт түзүп берүүнү сунуштаган.

Депутаттын суроосуна вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жооп берип, азык-түлүк коопсуздугун сактоо боюнча жоболорго ылайык чаралар көрүлүп жатканын айткан.

Белгилей кетсек, Кыргыз өлкөсү Кытай менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жаап, аба каттамдарын токтотконун маалымдаган. Кыргыз өлкөсүнүн аймагына коронавирустун киришин алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб 1-февралда чечим кабыл алган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, учурда өлкөдө коронавирустун чыккандыгы боюнча такталган учур катталган жок. Кыргыз өлкөсү менен Кытайдын чек арасында негизги кыймыл "Торугарт" жана "Эркечтам" өткөрмө бекеттеринде болот. Бул эки бекет Кытай Чыгыш жылнаамасы боюнча Жаңы жылды белгилөө учурунда жыл сайын январдын соңунан февралдын башына чейин убактылуу жабылат. Кыргыз өкмөтү Кытайдан чыккан коронавируска байланыштуу бул убакытты дагы узарткандыктан, чек ара азыркы учурда жабык.






Бишкекте жер-жемиштин баасы кымбаттады

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
28.02.2020. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
жалганды азыраак суйлогулочу куранда дагы айтылган жалгандан мактап саткан бул арам болот кытайдыкы эле келип жатат мен оз козум менен коруп журом го
01.03.2020. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кореяда корона вируска байланыштуу коп нерселер ,маскалар арзандап атса,кыкендерге кудай берди кымбаттатышып,масканы 15 сомдон сата баштады айылда
01.03.2020. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай кыйын кундо пайдаланбай бизнесинерди бир аз токтото турсанар деле болот каниет кылып.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: