Бишкектеги жүрүштө кармалгандарды Свердлов РИИБине алып кетишти

"Аялдардын тилектештик маршында" эки тараптан тең катышуучулар кармалды" дейт Свердлов РИИБинин милиция кызматынан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалгандар Свердлов РИИБине жеткирилген.
"Эки тараптан тең бирдей кишилер кармалды. Учурда алардын так саны белгисиз. Биз укук коргоо органдары дайыма өзүбүздүн милдетибизди аткарышыбыз керек. Бул жерде да жумушубузду кылдык", - дешти милиция кызматынан.
Бүгүн, 8-мартта саат 12:00дө Бишкектин Жеңиш аянтынан башталган "Аялдардын тилектештик маршы" өтмөк. Бирок башталбай жатып жөө жүрүштүн катышуучуларына 20дай калпакчан жаран басып келип, ортодо ызы-чуу чыкты.
Бишкектеги феминисттердин жүрүшүндө чагымчыл деп 5 адам кармалды
Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:10
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.