super.kg logo

Санаага салган "Сары-Өзөн". Базарда баалар туруктуу эмес (видеорепортаж)

 

Бишкектеги “Сары-Өзөн” базарында дагы баа туруктуу эмес. Керектөөчүлөрдүн айтымында, баа стабилдүү деп айтылганы менен акыркы 2-3 күндөн бери азык-түлүктөрдүн наркы туруктуу сакталбай жатат. SUPER.KG порталы базардагы бааларды билип, абал менен таанышты.

Аталган базарда картошканын чекене баасы 23-25 сомдон сатылып жатат. Ал эми дүң баада 15-19 сомдон сатылууда.

"Картошканын баасы мурун алганымда 15 сомдон болчу. Азыр 25 сомдон алып кетип жатам. Баа өсүп кеткени байкалды. Эмнеден улам баалар көтөрүлүп жатат, түшүнбөйм”, - деп билдирди сатуучу.

Ал эми базарда сарымсак алып жаткан сатуучулардын саны көп экенине күбө болдук. Жергиликтүү дыйкандардын колунан чыккан сарымсактын баасы 400-500 сомдон сатылып жатат.

Базар жетекчилиги болсо баалар туруктуу экенин айтып, бул жаатта көзөмөл жүргүзүлүп жатканын билдирди.

"Базарда баалар стабилдүү. Бүгүнкү күндө картошка 17-20 сомдон болуп жатат. Буга чейин деле картошка ушул баада турган. Ал эми азыр анын баасы 1 сомго көтөрүлдү. Сарымсактын баасы болсо стабилдүү бир баада турат. Анын баасы 250-400 сомдун тегереги болууда. Кечээ күндөн бери элдер дүрбөп жатат. Алар негизинен картошка жана пияз сатып алып жатышат. Калгандары тынч эле, эч кандай ажиотаж жок. Биз бааларды көзөмөлдөп жатабыз", - деп билдирди "Сары-Өзөн” базарынын башкы директору Эрмек Наркабаев.

Маалыматтын видео версиясын бул шилтеме аркылуу кирип көрүңүз.






“Сары-Өзөн” базарынан репортаж

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Равшан Тойчиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: