super.kg logo
  Саясат  

Кубатбек Боронов Кадамжай районундагы айылдардын жашоочулары менен жолугушту

 

Бүгүн, 1-июнда Баткендин тургундары видео таратып, анда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов эл менен жолукпай, өзбек тарап менен сүйлөшүүгө кеткени тууралуу айтылган. Кийинчерээк өкмөттүн басма сөз кызматы бул видео боюнча расмий билдирүү таратты. Анда Кубатбек Боронов Баткен облусунун Кадамжай районунун чектеш айылдарынын жашоочулары менен жолугушканы айтылат.

"Жергиликтүү тургундар Өзбекстандын Сох районунун тургундары менен кечээ болуп өткөн чыр-чатакка байланыштуу актуалдуу маселелерди козгошту. Кубатбек Боронов Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен болуп өткөн сүйлөшүүлөр жана жетишилген макулдашуулар тууралуу айтып берди.

Биринчи вице-премьер-министр чек ара маселелерин чечүү, чек арага чектеш райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсү, ошондой эле аталган аймакта коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу өкмөттүн өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгиледи.

Ал ошондой эле тургундардын кайрылуусу боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлө тургандыгын айтты. Тармактык мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына тапшырмалар берилди", - деп айтылат маалыматта.






Кадамжайдагы чырдан 25 адам жаракат алды

Автор: Гүлшат Ысамамат кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: