super.kg logo
  Саясат  

Депутат Мамытов: "Азаттыктын" журналисти акча алган деп күбөлөрдүн берген көрсөтмөсү күтүүсүз болду"

 

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңеште Түркияда киши колдуу болуп каза болгон Айэркен Саймаити боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын корутундусу каралууда.

Анда депутат Дастан Бекешев "Азаттыктын" журналисти Али Токтакуновдун акча алганы боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөсүн сотко чейин жарыя кылбаш керек болчу деген пикирин айтты.

Аталган комиссиянын төрагасы Талант Мамытов: "Бардык отурумдар ачык-айкын өттү. Эки күбөнүн көрсөтмөсү күтүүсүз болду. Али Токтакуновдун атына доо жабалы деген ойдо эмес. Бул факты чынында барбы? Аталган күбөлөр кандай түрдө сурак беришти деп өзүбүз видеону көрдүк", - дейт.






Айэркен Саймаити боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Кызжибек Раимова
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: