Муфтият: "Экс-муфтий Чубак Жалиловдун сөөгүн өлүкканадан алып чыккандан кийин жаназа окулду" (видео)



Пневмониядан каза болгон экс-муфтий Чубак Жалиловдун сөөгүн Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Бай-Мундуз айылына он мүнөт мурун алып кетишти. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ажынын сөөгүн өлүкканадан алып чыккандан кийин ага жаназа окулду. Ага шаар тургундары катышты. Ажынын туулган айылында дагы жаназа окулат. Анын сөөгү Аср намазы окулганга чейин жерге берилип калат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Кечээ, 10-июлда ал оор абалда Улуттук госпиталга жеткирилгени маалымдалган.
45 жашында дүйнө салган дин аалымы Чубак Жалиловдун өмүр баяны, маектерин бул шилтемеге кирип окуңуз.
Чубак Жалилов пневмония илдетинен көз жумду
Автор: Гүлзина Каныбекова
Оператор: Айбек Алимов
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
1

Ичим ачышып жатат. Атттин,аттин