super.kg logo

Муфтий Максатбек Токтомушев маркум Чубак Жалиловдун жакындарына көңүл айтты

 

Муфтий Максатбек Токтомушев пневмониядан каза болгон Чубак Жалиловду эскерип, билдирүү таратты.

"Бүгүн биз чоң жоготууга учуруп отурабыз. Кечээ, 10-июлда Бишкек шаарынын казысы Садридин Мажитовдон айрылсак, бүгүн үлкөн аалымыбыз Чубак Жалиловдон айрылдык. Оор кабарды угуп, кабыргам кайышты. Бүгүн дүйнөдөгү мусулман эли үчүн дагы оор жоготуу. Чубак Жалилов бала кезинен билимге болгон тырышчаактыгы менен деңиздей терең илимге ээ болгон. Ислам динибизди коомчулукка жеткирүүдө эбегейсиз салым кошту. Канчалаган мыкты адистерди даярдап, өзүнүн алган билими, тажрыйбасы менен бөлүштү.

Маркум Чубак ажыбыз коомубуздун өсүп-өнүгүүсүнө зор салым кошкон өз элинин азаматы эле. Ал аз өмүрүндө элибиздин руханий жактан оңолуусуна өз өмүрүн арнады. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жана жеке өзүмдүн атымдан терең кайгыруу менен ажыкемдин үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына көңүл айтам. Сабыр кылыңыздар, кайрат кылыңыздар анткени бул жалган дүйнөдө эч бир жан тирүү калбайт. Кайгыңарды тең бөлүшөбүз", - деп жазылган билдирүүдө.






Чубак Жалилов пневмония илдетинен көз жумду

Автор: Гүлзина Каныбекова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(12)
11.07.2020. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Арбагың ыраазы болсун ажыке! Аллах сиздин асыл жаныңызды рахматына алып, бейишинин эшигин ачсын! Аркы дүйнөдө сиздин катарыңыздан орун алуу насип этсин деп тилейбиз! Айткан акыл-насаатыңыз, кеп-кеңешиңиз биз үчүн руханий азык болчу! Аллахым денеңиздин өмүрүн кыска кылганы менен рухуңуз дайым биз менен бирге, ар качан оюбузда, элесиңиз түбөлүк сакталат! Кошуңуз!
11.07.2020. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-20
Бизде диний молдолорду Кудай коруп алгандар толуп кеткен.
11.07.2020. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
pat12, Кудай менен молдонун айырмасын билбеген үчүн Арстан алайга окшогон адашкандарды "Кудай" деп жүрөсүңөр да.
-BOSS- түзөттү 2020-07-11 14:22:14
11.07.2020. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
pat12,Сага окшогондорго соз жок!
11.07.2020. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жазбайын дедим жаздырдыңар, айтпайын дедим айттырдыңар .Теңирсиңби Мусулмансыңбы Капырсыңбы бир жэрди кысып адамча жашашты үйрөнөйлүчү .Биз эмне Футбол командасынын фанаттарыбызбы ? Ким кандай жашайт , ал өзүнүн иши го , болгондо да бир эле жолу жашайт .Тупой калк болбойлучу. Адамча акылың жэтеби , колуңдан келсе жакшылык кыл , келбейби жамандык кылба .Баарыбыз билебиз жамандыктын арты жаман болушун.
11.07.2020. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-16
Молдонун ар бир жомогуна ишене берип, ото эле диний фанат болуп кетпейлик. Молдо болобу, саясатчы, ырчы болобу башка эмне тушсо ошону коробуз. Озубузго сак болгонду уйронолук.
i1urp түзөттү 2020-07-11 15:05:28
11.07.2020. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
i1urp, Чубак ажы кайсы жомокту айтыптыр далилдеп берчи?
11.07.2020. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ыймансыз,ынсапсыз,бузулган коомдо сени кор кылбай алып кетейинчи деп алып кетти устазыбызды Алла Таала.Жакшы адамдардын омурун кыска кылып жаратат тура!Аллахым оз рахматына алсын жана туболуктуу бейишке насип кылсын((((((
SUPER.KG видео
11.07.2020. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртен менен эле интернетке кирип, суук кабарды окудум. Дагы деле ишене албай турам, бугун кечкери уй-булоо мучолорубуздун бары кайгырып отурат, вйладым... ;((. Жузунон нуру чачырап, коодону билимге-илимге толгон, жан дуйносунун тазалыгы, аруулугу жузунон чагылып турган атына заты жарашкан аалым эле. Аллахым бейиштен орун берсин, оомийн.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: