Акыркы бир сутка ичинде коронавирустан 11, пневмониядан 74 бейтап каза болду
Өлкө боюнча акыркы бир сутка ичинде коронавирус инфекциясынан 11, пневмониядан 74 бейтап каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (эркек, 63 жашта);
№1 шаардык клиникалык ооруканасынан – 1 (эркек, 64 жашта);
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасынан – 1 (аял, 72 жашта);
Улуттук фтизиатрия борборунан – 1 (эркек, 64 жашта);
Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аялдар – 54, 61 жашта);
Баткен облустук ооруканасынан – 2 (эркек, 49 жашта, аял, 58 жашта);
Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (аял, 53 жашта, медик);
Тоң аймактык ооруканасынан – 2 (эркек, 58 жашта, аял, 36 жашта).
Жалпы каза болгондордун саны 160 кишини түздү.
Ал эми бир сутка ичинде пневмониядан 74 бейтап каза болду. Алардын ичинен 57 адам республика боюнча (алардын ичинен 20 адам өткөн 3 айдын ичинде Ысык-Көл облусунда каза тапкан) жана Бишкекте 17 адам.
Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 571 адам.
15-июлга карата коронавирустан 11, пневмониядан 74 адам көз жумду






1 |