Депутат Заирбек Жоошбеков Ош шаарындагы "Кара-Суу" чек ара постун кайра ачуу маселесин көтөрдү
Бүгүн депутат Заирбек Жоошбеков Ош шаарындагы "Кара-Суу" чек ара постун ачуу зарыл экенин айтып чыкты. Депутаттын айтымында, аталган пост 2010-жылы 1-мартта жабылган. "Өзбекстан "Кара-Суу-Автодорожный" өткөрмө пунктун бир тараптуу жаап салган. Ошондон улам көйгөй жаралып келет. Азыркы күндө Оштогу жашоочулар коңшу өлкөдөгү туугандарына бара албай жатат. Бул маселени чечип берүүнү өкмөттөн суранам",- деди эл өкүлү.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2026-06-01
9:22
2026-06-01
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















