Аида Салянова: "Мен башкы прокурор болуп турганда, Садыр Жапаров кылмыш жоопкерчилигине тартылган"
Мурдагы баш прокурор Аида Салянова өткөн учурдагы саясий кырдаалды эске салып, учурдагы өлкө башчы Садыр Жапаровдун аракетине таң калганын билдирди."Бир кезде, мен башкы прокурор болуп иштеп турганда өлкөнүн азыркы президенти кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Жылдар өттү. Менин оюмда бүгүн кайсы бир кызматка барсам дагы, Садыр Нургожоевич буга каршы болот деп ойлогом. Таң калтырганы – анын эски таарынычтарды эстебей, мени колдогону болду.
Көптөр буга ишене алышпайт. Мен өзүм да көпкө чейин ишенген жокмун. Анткени мен өз позициямдан эч качан тайган эмесмин. Өлкөнүн кызыкчылыктарын эски чыр-чатактардан жогору коё алган адамдын аракети катары мен бул кадамды өзгөчө чын жүрөктөн кабыл алдым. Бул чындап эле күчтүү шахматтык жүрүшкө окшош.
Саясий маданияттын жана мамлекеттик ой жүгүртүүнүн жаңы деңгээлин орноткон жүрүш. Менин оюмча, бул, баарынан мурда, президенттин өлкөнү өзгөрткүсү келип жатканынын, жаңы күн тартибин, жаңы баалуулуктарды калыптандырууга, бири-бирибизди угуу жана өлкөнүн келечеги үчүн баарыбызды бириктирүүгө болгон каалоосунун белгиси. Мен бул ишенимди өлкө жана жаңы муун алдындагы чоң жоопкерчилик катары кабыл алам", - деп жазды ал социалдык тармактагы баракчасына.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:22
2026-06-01
12:07
2026-05-30
10:13
2026-05-30
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















