Шайлоо-2020: Күздө өтчү шайлоого катышуудан баш тарткан партиялардын саны 23кө жетти
Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлердин тизмесин каттоо үчүн саясий партиялардан тиешелүү документтерди кабыл алууну аяктап жатат. Ал эми бүгүн, 24-августка алынган маалыматка ылайык, дагы 3 партия күздө өтүүчү парламенттик шайлоого катышуудан баш тартты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Таза коом", "Бүткүл жаштар саясий партиясы" жана "Адам-Демократ" партиялары шайлоого катышпайт.
Буга чейин жарышка аттанган 11, тактап айтканда, "Ак калпак", "Улуу Журт", "Ар-Намыс", "КУТ", "Бийлик элге" , "Кыргызстан коммунисттер партиясы", "Бирик", "Эл биримдиги", "Кыргызстан элдик-демократиялык партиясы", "Эмгек", "Демократ" партиялары жарыштан баш тарткан.
БШКнын маалыматы боюнча, жалпы 23 партия парламенттик шайлоого катышпай турган болду.
24.08.20. Күн ичиндеги соңку кабарлар


