super.kg logo

"Тоонун башына чыгып сабак окушат". Мугалим, окуучу, студенттер онлайн окуу жөнүндө эмне дешет?

 
Пандемия шартында активдүү колдонула баштаган онлайн режиминдеги окутуу системи Кыргыз өлкөсүнүн жалпы билим берүү тармагында жаңыдан өздөштүрүлө баштады. Бул өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган норма экени түшүнүктүү. Ошентсе да окутуучулар менен мугалимдер аралыктан билим берүү балдардын окуудагы деңгээлин төмөндөтүп салышы мүмкүн деп кабатырланышат. Ал эми окуучу, студент жана алардын ата-энелери онлайн билим алууда көп учурда техникалык жагдайлар тоскоолдук жаратып жатканын айтышууда. SUPER.KG порталы онлайн режиминдеги окутуунун кыйынчылыктары жана артыкчылыктары эмнеде деген темада мугалим, ата-эне, окуучу жана студенттер менен баарлашып келди.

Профессор, филология илимдеринин кандидаты Ишенбек Султаналиев билим берүү тармагында 20 жылдан ашык эмгектенип келе жатат. Ал онлайн режимде окутууда айыл жергесиндеги студенттер кыйынчылыкты көбүрөөк тартып жатканын айтат.

"Айрым айылдарда интернет жакшы тартпайт экен. Мисалы, мен бүгүн сабак өтүп жатканда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жашаган студентим тоонун башына чыгып, сабакка катышууга мажбур болду. Мен эки пара сабак өттүм. Азыр го мейли күн жылуу. Ал эми кышында эмне кылабыз? Тоодо 2-3 саат отурса тоңуп калат да. Жогорку окуу жайында предметтерди тереңдетип окутушубуз керек. Бирок айыл жергесинде профилдүү китепканалар жок. Балдар баягы эле мектептин кыргыз тил китебин окушка туура келип жатат" , - дейт профессор.

Борбордогу №51 мектеп-гимназиясында көркөм өнөр жана анын технологиясы сабагынан берген мугалим Гүлмира Адыкова онлайн окутуунун жакшы жактары тууралуу айтып берди.

"Онлайн режимде окуутунун артыкчылыгы катары ата-энелердин балдарынын сабагына болгон кызыгуусун айтат элем. Анткени алар мурдагыга караганда окуу процессине көп катыша баштады. Мындан улам ата-эне менен мугалимдин ортосунда кызматташтык пайда болот экен. Мен мисалы интернеттен кол өнөрчүлүккө байланыштуу кызыктуу видеолорду таап окуучуларыма жиберем, алар өз кезегинде тапшырманы так аткарганга аракет жасашат. Ошентип окуучуларымдын дагы предметке болгон кызыгуусу күч алды десем болот", - деди Гүлмира Адыкова.

Андан ары студенттерге жана окуучуларга англис тилинен сабак берген мугалимдердин дагы пикирин угуп көрдүк.

Нарын облусунун тургуну, аты-жөнүн сыр бойдон калуусун суранган англис тили сабагынан берген мугалим онлайн окутуунун артыкчылыгын көрбөгөнүн айтат.

"Онлайн окутуу мугалимдин убактысын көп алат экен. Мурун сабакка план жазып алып, мектепке кетип калчу элек. Ал эми учурда компьютерден слайд жасаш керек, ага кошумча сабактын программасын жазасың, үн коштоо дагы керектелет. Ошентип кээде бир сааттык сабакка даярданыш үчүн бир топ убакыт кетип калып жатат. Биз бир эле класска сабак бербейбиз да. Эртең менен таң атпай уй саап коюп, кайра сабак жасайбыз. Айтор, айта берсе ыңгайсыздык жараткан жагдайлар көп", - дейт мугалим.

Ал эми Жусуп Баласагын атындагы КУУнун кытай тили сабагынан берген Атыркүл Ишенбек кызы чет тилин жаңыдан өздөштүрүп жаткан баштапкы курстун студенттери кыйналып жатканына токтолду.

"Негизи чет тилин жаңыдан үйрөнүп жатканда мугалимдин студенттин жанында болгону жакшы. Айрыкча, кытай тилин үйрөнүүдө көптөгөн нюанстар жаралууда. Мисалы, иероглифтерди жазууну үйрөнүүдө ар бир кыймыл маанилүү. Аны онлайн режимде студентке көрсөтүп берүү мүмкүн эмес", - дейт Атыркүл Ишенбек кызы.

Онлайн режимде окутуу тууралуу мугалимдердин пикирин уккан соң, аралыктан билим берүү боюнча окуучу, студенттердин дагы оюн билип көрдүк.

Бишкектеги гимназиялардын биринде билим алып жаткан 6-класстын окуучусу Баис Мааткабылов онлайн сабактар мектепте өтүлгөн сабактарга жетпей турганын айтат.

"Онлайн сабак учурунда интернет катып калат экен. Мектепке барганда классташтар менен сүйлөшөсүң, ойнойсуң күнүң кызыктуу өтөт", - дейт Баис.

Ал эми ЖОЖдордун биринин 4-курсунун студенти Адина Мукамбет кызы төмөндөгүлөргө токтолду.

"Алгачкы учурларда Zoom платформасын колдонгонбуз. Андан соң WhatsApp тиркемеси аркылуу окуганга аракет кылдык. Ал эми азыр эң ыктымалдуу платформа катары Google Meet'ди тандап алдык. Айрым учурларда техникалык көйгөйлөрдөн улам окуу процесси учурунда чыгып кетип жатабыз. Бул, албетте, өзүбүздүн каалообуз эмес, интернеттин начар иштегенинен улам болуп жатат. Ошол эле маалда мугалимдерибизде дагы техникалык мүчүлүштүктөр пайда болуп, сабактар үзгүлтүккө учурап жатат", - дейт Адина.


кошулду





“Интернет катып калат“. Мугалим, окуучу, студенттер онлайн окуу жөнүндө эмне дешет?

Автор: Бактыгүл Султаналиева
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.09.2020. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура интернет тартпаган жерлерде кыйын экен сабак отуу.Анан телевизор да тартпаган жерлер бар экен.Мен Оз козум менен коруп келдим айылдан Тагажурттан.Балдары баластандан сабак коруш керек го
16.09.2020. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оа биздин олконун аймактарында интернет байланыш сапатсыз жана жеткиликсиз болгондуктан кыйынчылыктар болду. Бирок аралыктан окутуу технологиялардын онугуусу менен кадимки корунушко айланат. Ылдам иштеген 5G интернетке кошулганда келечекте коп мумкунчулукторго ээ болобуз. Салттык окутуу эскирди. Эми экоосун айкалыштырып окутуу заман талабы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: