"Бул видео ар күнү парламентте көрсөтүлүп турушу керек". Алыстан ата-энесин күтүп, апалап кыйкырган баланын видеосуна айтылган социалдык тармактардагы пикирлер (видео)
Социалдык тармактарда асманда бара жаткан учакты карап, апалап кыйкырган бөбөктүн видеосу тарады.
Аталган видео көпчүлүктүн көңүлүн буруп, көзүнө жаш айландырды. Интернет колдонуучулары азыркы тапта социалдык тармактарда түрдүү пикирлерин билдирип жаткан кези. Алардын кээ бирлерине токтолуп көрдүк.
"Бул видео ар күнү парламентте депутаттарга көрсөтүлүп турушу керек. Ошондо депутаттар сүйүктүүсүн эмес, элдин жашоосун кантип жакшыртуу керектигин ойломок. Жумуш орундарын түзүп, экономиканы көтөрүп. Кыргыз өлкөсүндө ар бир бала эртең менен туруп, "апа, кутман таң" деп кичинекей колдору менен кучактап айта тургандай".
"Миграция маселеси - ата-энесиз өсүп жаткан муун".
"Бала кичинекей го, бирок апасынын учак менен кеткенин түшүнөт экен".
"Байкуш балдар. Ар бир балага ата-эне керек. Алардын ордун эч ким баса албайт. Бул элдин трагедиясы. Балдардын келечеги үчүн ата-эне жанында болушу керек".
Бул өңдүү пикирлер социалдык тармактарда миңдеп саналат. Ал эми кээ бир социалдык тармактын колдонуучулары баланы таап, ага көмөк көрсөтүү ниети бар экендигин жазышууда.
кошулду
Алыстан ата-энесин күтүп учак көрсө апалап кыйкырган бала көпчүлүктүн көңүлүн бурду
Автор: Гүлзина Каныбекова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Ал эми, балдарыбызды жалгыздатпоо биз үчүн эң туурасы. Анткени ар бир бала ата мээримине, көбүрөөк эне мээримине муктаж да. Ата-эне мээримин көргөн, мыкты тарбия алган бала - алтын келечектин мөмөсү.
Андыктан, келиңиздер баарыбыз чогу бата (дуба) кылайлы, кусалыкка баткан балдар ата-энелеринин кучактарына тез аранын ичинде жетсин деп.