super.kg logo

Аянттагы митингде бир колунан ажыраган 19 жаштагы Ырыскелди үйлөндү

 

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, өлкөдө баш аламандык орун алган. Анда 19 жаштагы Ырыскелди Табышбек уулу алган жаракатынан улам оң колунан ажыраган.

Ырыскелди жакында эле үйлөнгөнүн SUPER.KG порталына тастыктап төмөндөгүлөрдү билдирди:

"Үйлөнгөнүмө эки күн болду. Келинчегим экөөбүз сүйлөшүп жүргөнбүз. Көптөгөн адамдар жакшы каалоо-тилектерин айтып жатышат. Бардыгына ыраазычылык билдирем", - дейт ал.

Буга чейин биздин порталга берген маегинде Ырыскелди митинг күнү көпчүлүк жаштар сыяктуу эле адилеттүүлүк издеп аянтка барганын, колунан ажыраганына карабастан ал жакка барганына өкүнбөй турганын билдрген.

Ошондой эле ал алдыга койгон максаттары менен бөлүшкөн.

"Мен буюрса, бир колум менен болсо дагы максаттарыма жетем. Үй-бүлөмдү элден калтырбай багайын деген чоң максаттарым бар, мен үйдүн улуусу болгон үчүн ата-энеме жардам берип, аларды багуу менин милдетим, буюрса, кыялдарга жетем деп турам. Бир колум менен болсо дагы үй-бүлөмдү татыктуу багам деген үмүттөмүн. Буга чейин курулуш компаниялардын биринде иштечүмүн. Акча топтоп шаардан үй алууну пландап жаткам", - деп билдирген Ырыскелди.

Маекти толугу менен бул жерден окуй аласыз.






Күндүн жаңылыктары: Митингде оң колунан ажыраган жигит үйлөндү

Автор: Гүлдана Мамадали кызы
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(6)
04.11.2020. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Бактылуу болгула иничек, Аллах жалан жакшылыктарды берсин!
04.11.2020. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бактылуу болгула
04.11.2020. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Бактылуу болгула.Келинчеги тушунуктуу экен.Башка кыз болгондо балким баш тартмак.Алладын бир сыноосу булда болсо.
05.11.2020. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушундай балага үй белек кылып колуна миллион сом берип койсо сонун иш болмок, бул бала революция үчүн колун курман кылды. Ким жардам кылса чоң сооп кылат.
05.11.2020. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болгула ылайым иним. Мындан кийин кырсыктан аман бол.
15.02.2021. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куш боонор бек болсун. Баатыр наамын бериш керек. Чондор ойлонгула бул Ырыскелдиге баатыр намын берип койгула.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: