"Ала-Тоо" аянтында башкы балатынын оту жанды (видео, фоторепортаж)











Бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаарынын борбордук аянтында өлкөнүн башкы балатысынын оту жандырылды.
Тилекке каршы, быйыл коронавирус пандемиясына байланыштуу жаңы жылдык концерт, салтанаттуу иш-чара жана салют уюштурулган жок.
Балатынын отун Бишкек шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев күйгүздү.
Мэриянын басма сөз кызматынан Назгүл Жамгырчиева SUPER.KG порталына борбордук аянтты Жаңы жылга даярдоодогу иштер тууралуу айтып берди.
"Балатынын бийиктиги 25 метрди түзөт. Жалпысынан 650 оюнчук орнотулган. Биз бул жылы эски жасалгаларды колдондук, алардын көпчүлүгү былтыр өзүбүздүн цехте жасалган. Жаңы жылдык майрамдардан кийин биз аларды кылдаттык менен сактап койгонбуз, биз аларды аяр мамиле менен алып чыгып жасалгалап койдук. Быйыл өтө үнөмдүү болду", - деп билдирди Назгүл Жамгырчиева.
Белгилей кетсек, балатыны жасалгалоо иштерин "Бишкек свет" жана "Тазалык" муниципалдык ишканалары жүргүздү.
"Ала-Тоо" аянтында Жаңы жылдык башкы балатынын оту жанды




1 |