super.kg logo

Министр Нуржигит Кадырбеков: "Тил комиссиясынын мурдагы төрагасы "аь" тамгасын киргизүү керек десе күлгөм"

 

Бүгүн, 15-декабрда Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата "Журналистикадагы оозеки жана жазуу маданиятынын көйгөйлөрү" аттуу семинар өттү.

Семинарды Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия уюштурду. Иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков, белгилүү тилчилер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана блогерлер катышты.

Министр Нуржигит Кадырбеков өз сөзүндө кыргыз алфавитине казактардыкындай кошумча тамгалардын киргизилиши зарыл деген пикирин билдирди.

"Эгемендүүлүк жылдары бизде башкача тил пайда болду. Советтер Союзу мезгилинде тилге өтө кылдат мамиле жасалган. Бир ката кетирип койсо "редактордун шору болчу" деген сөздөрдү угабыз. Азыркы мезгилде каталар биз тараптан дагы көп кетип жатат. Мындан тышкары гезит, журнал жана башка жалпыга маалымдоо каражаттарынан ката кетип жатканын көрүп жатабыз. Андыктан тилге олуттуу мамиле жасоо керек. Бала кезде калпак деген сөздөгү "к" тамгасын орус тилдүүлөр жумшартып айтса түшүнчү эмесмин. Мисалы, казактарда "к" тамгадан экөө бар. Бири тилдин ыңгайына жараша жумшак, экинчиси катуу айтылат. Казактарда мындан тышкары эки "у" тамгасы бар. Тил комиссиясынын мурдагы төрагасы Эгемберди Эрматов "аь" тамгасын киргизүү керек десе, чынын айтканда күлгөм. Бирок ойлонуп көрсөм, мунун деле бир жөнү бар сыяктуу. Себеби кээ бир аймактарда "аь" деген тамганын жоктугунан көп сөздөр бизге таандык болбой калыптыр. Ошондуктан тил жаатында реформа керек. Түштүк тарапка барган ыктыярчылар өзбек тилин бат эле өздөштүрүп кетип жатат", - дейт министр Кадырбеков.






Бишкекте кызыл зонада иштеген медицина кызматкерлери митингге чыгышты

Автор: Гүлзина Каныбекова
Оператор: Равшан Тойчиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
15.12.2020. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура айтыпсыз күтүп жүргөм ушул күндү К .Кь Г. Гь А Аь ушул үч тамга
15.12.2020. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анан дагы бизге бир эле Э керек
15.12.2020. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызча сүйлөбөгөнгө тамга өзгөртсөнда алиппе өзгөртсөнда айырмасы жок баарибир ал орусча сүйлөп тураберет. Тагьалак молда, Баканбаева, Кьант, Калик Акиева деп.
15.12.2020. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасың Нуржигит, кошумча тамгаларды киргизүү зарыл
15.12.2020. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мээси жок тор толтура экенда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: