super.kg logo
  Саясат  

Нургүл Шарипова республикалык “Мыкты мугалим-2013” сынагынын жеңүүчүсү болду

 
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №4-мектеп-гимназиясынын кыргыз тил жана адабият мугалими Нургул Шарипова "2013-жылдын мыкты мугалими" аталды
"Мыкты мугалим-2013" - Нуржан Шарипова
Билим берүү жана илим министри Канат Садыков Жылдын мыкты мугалимине сыйлык тапшырууда
Мугалимдер күнүнө арналган салтанаттын катышуучулары

Бүгүн, 4-октябрда Бишкеrтеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Мугалимдер күнүнө карата жарыяланган "Мыкты мугалим-2013" республикалык сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Иш-чарага билим берү] жана илим министри Канат Садыков, Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев жана башкалар катышты. Жеңүүчүлөр төмөнкүлөр:

“Мыкты мугалим"

1-орун - Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №4-мектеп-гимназиясынын кыргыз тил жана адабият мугалими Нургүл Шарипова. Ноутбук жана смарт ТВ тибиндеги сыналгы менен сыйланды. 

2-орун - Тимур Арипов, Ош шаарынын “Олимп” мектеп-гимназиясынын мугалими. Смарт ТВ  тибиндеги сыналгы менен сыйланды. 

3-орун - Сезим Чотиева, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы №1-орто мектептин мугалими.  Смарт ТВ  тибиндеги сыналгы менен сыйланды. 

"Айылдын мыкты мектеби" 

1-орун - Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун С.Жунушов атындагы орто мектеп. 80 миң сом менен сыйланды.

2-орун - Нарын облусунун Ат-Башы районундагы А.Осмоналиев атындагы орто мектеп. 55 миң сом берилди.

3-орун - Ош облусундагы Алай районунун Т.Сатылганов атындагы орто мектеп. 40 миң сом тапшырылды.

"Мыкты инновациялык мектеп"

1-орун - Балыкчы шаарынын С.Каралаев атындагы жатак-мектеби. 80 миң сом менен сыйланды.

2-орун - Сокулук районундагы Новопавловка айылынын Ч.Айтматов атындагы жатак-мектеби. 55 миң сом менен сыйланды.

3-орун - Талас облусундагы Манас районунун "Манас" жатак-мектеби. 40 миң сом менен сыйланды.

"Мыкты бала бакча"

1-орун - Ош облусундагы Өзгөн районунун "Наристе" бала бакчасы. 70 миң сом берилди.

2-орун - Бишкек шаарынын "Айжаным" бала бакчасы. 55 миң сом менен сыйланды.

3-орун - Ош шаарынын №35-бала бакчасы. 40 миң сом берилди.


кошулду





1410 Жылдын мыкты мугалими аныкталды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: