Парламентте сөз сүйлөп жатып ыйлап жиберген Дүрдананын дарты аныкталбай жатат (видео)
Депутаттардын алдында сүйлөп жатып ыйлап жиберген Дүрдана Салыкова эсиңизде болсо керек? Ал эл өкүлдөрүнүн алдында “мектептеги укол сайган медайым окуучулардан акча алат” деп орчундуу маселени көтөрүп, сөз баштаганда депутаттар кыздын таамай сүйлөгөнүнө күлүп жиберишкен эле.
Күлкү чыкканда тык токтогон Дүрдана аларды шылдыңдап жатат деп ойлоп, ыйлап, сөзүн андан ары улай албай калган. Бул күнү депутаттар окуучулар менен Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата жолугушкан болчу.
Бул видео социалдык тармактарга шамалдай ылдамдык менен тарап, кыз интернет жылдызына айланган. Бизге Дүрдана Салыкова ооруп жатат деген маалымат жетип, SUPER.KG порталы кыздын ден соолугун сурап, ал жашаган үйгө баш бакты. Кичинекей Дүрдана Бишкек шаарындагы Келечек конушунда үй-бүлөсү менен батирде жашайт. Биз ойлогонун бетке айткан, тартынбаган Дүрдананын ден соолугун сурап, аны кепке тарттык.
Дүрдана Салыкова азыркы учурда ооруп жатат. Дүрдананын апасынын айтымында, өткөн жылы кызы операция болуп, тамагына өскөн бездерди алдырган. Экранга сүйлөөдөн баш тарткан кыздын апасы батир акысына айына 4 жарым миң сомдон акча төлөп жашай турганын айтты. Ал азыркы тапта жалгыз бой эне, үч баласын тигүү цехтеринин биринде иштеп багат. Кызынын оорусу белгисиз экенин айтып, көзүнө жаш алган ал "Дүрдананын оорусу аныкталбай жатат" дейт.
Азыркы тапта социалдык жактан колдоого муктаж бул үй-бүлөгө жардам берүүнү каалагандар төмөнкү номерге байланышып, жардам колун сунсаңыз болот.
0505 47 89 89
кошулду
Интернет жылдызы Дүрдана ооруп жатат


Ошол эмне болгон экен же ХАЙП учун жасаган бекен аны да???
Сурабайт беленер????