super.kg logo

Токочтор мал-жандыктарына берилмей болду. Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар жок кылынды

 

Бүгүн, 1-февралда Финансы полициясы тарабынан Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар жок кылынды. Аталган таттуулар шаардын четинде жайгашкан таштанды полигонуна алынып барып, бульдозердин жардамы аркылуу жок кылынды.

Ал эми таттуулардын ичинен токочтор мал жандыктарына берилмей болду. Таттуу токочтор Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун айылдарынын бириндеги дыйкан чарбадагы мал-жандыктарына азык катары берилет.

Бул боюнча "Не сахар" долбоорунун автору Эрулан Кокулов Финансы полициясына ыраазычылыгын айтып, мындан ары мөөнөтү өтүп кеткен товарлар азаярына үмүттөнөрүн билдирди.

"Мөөнөтү өтүп кеткен кампадагы азыктардын жок кылынышы биздин өлкөдө биринчи жолу болуп жатат. Бул албетте, биздин жана балдарыбыздын коопсуздугу үчүн өтө маанилүү", - деп билдирди ал.

Эске салсак, буга чейин Бишкекте мөөнөтү өтүп кеткен таттууларды сактап жүргөн кампа табылган. Аталган кампада жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен, көп өлчөмдөгү кондитердик азыктар, тагыраагы, суусундуктар, печенье жана ар кандай таттуулар ири көлөмдө сакталып турганы аныкталган. Ошол эле кампада кызматкерлер таттуулардын жарактуулук мөөнөтүн жана чыгарылган күнүн өзгөртүп турушканы белгилүү болгон. Ал эми далил катары ар кандай шаймандар табылган болчу.






Кыргыз өлкөсүндө биринчи жолу мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар жок кылынды

Автор: Гүлзина Каныбекова
Оператор: Мухамедзиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.02.2021. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эрулан обожаю вас)))
01.02.2021. 22:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эрулан азамат ушул баланы санэпидемстанцияга директор же зам кылып койгулачы
01.02.2021. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иии бирок фантиктери дагы мусор болуп калып жатпайбы(((((. А так баары жок кылынганы жакшы болуптур. Ошол учун мен дайыма уйдон печенье же ар кандай нерселерди колго жасап балдарыма кочодон алдырбайм эчтеке
01.02.2021. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аябай жакшы иш болуптур бирок...эми ошол жерге барып элдер талап алып кетпесе болду.
02.02.2021. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Moonotu oto elekte arzan baaga satip jiberse bolmok~achkozdonup alip olturushup ayaginda tashtandiga aylantishpai~
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: