super.kg logo

Көзүн ирмегенден башка кыймыл жок. 17 жаштагы Аида кабылган жол кырсыгы боюнча соттун чечими чыкты

 

Буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун тургуну 17 жаштагы Аида Ниязбек кызы өткөн жылы август айында автокырсыкка учурап, алты айдан бери бери эс-учун билбеген абалда жаткандыгы тууралуу видео материал даярдаганбыз.

Анда Аиданын апасы Бактыгүл Кулдубаева кызы тууралуу айтып берген. Ошондой эле ал айдоочуга сот адилет чечим чыгарбай, улам ар шылтоону айтып убактысын жылдырып жаткандыгын кошумчалаган болчу.

Аталган иш боюнча кезектеги соттук отурум 3-февралда кайрадан каралып, айдоочу 2 жылга эркинен ажыратылгандыгын SUPER.KG порталына Бактыгүл Кулдубаева билдирди.

"Сот болот деп атайын Токтогулга барып келдим. Айдоочуну 2 жылга эркинен ажыратып, 500 миң сом дары-дармегине төлөп берүү боюнча чечим чыкты. Бирок мен буга макул эмесмин. Абакта 1 күнү 2 күнгө эсептелет экен. Мен облустук сотко арызданам, ал дагы болбосо Жогорку Сотко чейин кайрылам. Менин кызым азыр эс-учун билбеген абалда жатат. Күлгүндөй курагында минтип төшөккө байланып калды. Айдоочунун апасы кызымды бир ооз сураганга жараган жок, кайра менин дарегиме ар кандай сөздөрдү айтты", - дейт Кулдубаева.

6 айдан бери төшөктө жатып, көзүн ирмегенден башка кыймыл жасай албай калган Аиданын абалын шилтеме аркылуу кирип көрүңүз.


кошулду





Аида Ниязбек кызы кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж

Автор: Гүлзада Абдырахманова
Оператор: Элчибек Кыштообаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
05.02.2021. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым сага ден соолук берип айыгып кет карындашым
05.02.2021. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жок дегенде 50 жыл камака киргизиш керекго дейм жаш кызга Алла шыпаасын берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: