Таң атпай Ысык-Көлдө жер титирөө катталды
Бүгүн, 9-февралда саат 07:07де Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3 жарым баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу сейсмология институтунан билдиришти.
"Жер титирөөнүн очогу Күнгөй Ала-Тоо кыркаларынын капталдарында, Корумду айылынан 22 километр түндүк-чыгыш, Бостери айылынан 31 километр түндүк-чыгыш, Чолпон-Ата шаарынан 36 километр түндүк-чыгышта жайгашкан. Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү сезилген жок", - деп жазылат билдирүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















