super.kg logo

"Бейкүнөө жерден 5 жыл түрмөдө отурдум" деген жарандын окуясы

 

SUPER.KG порталына Исфандиор Мирзахакимов аттуу жаран кайрылган. Ал күнөөсүз болгондугуна карабай тоноого айыпталып, 9 жылга эркинен ажыратылган. Бирок апасы акыйкаттуулук үчүн 5 жылга чукул чуркаган соң Исфандиордун күнөөсүз экендиги далилденген. Уулу 4 жыл 9 ай түрмөдө ак жеринен отурганы үчүн соттор, тергөөчүлөр бул үчүн жооп берип, компенсация төлөшү зарыл дейт Мирзахакимовдун апасы. Бирок алардын арызын азырынча эч ким канааттандыра элек.

Алгач тергөөчүлөр Исфандиор Мирзахакимовду тоноого айыптап, Таласка алып кетишкен. Сотто тонолгон делген жабырлануучу кыз Исфандиорду көрсөтүп туруп алган. Адвокатынын айтымында, жабырлануучу сүрөттөп берген адам Мырзахакимовго такыр окшошпойт. Бирок сот 9 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Андан соң Чүйдөгү Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясына которушкан.
Соттолуучунун апасы Гульзара Мирзахакимованын кайрылбаган жери калган эмес. Акыры өлкө президентине эки жолу кат жазган. Андан соң иш боюнча дыкат териштирүүлөр башталганын билдирет. Акыры чыныгы күнөөлүү адам табылып, кармалган соң Исфандиор эркиндикке чыккан.
Мирзахакимовдун үй-бүлөсү келтирилген моралдык, материалдык зыяндын ордун толтуруу үчүн доо арыз менен Биринчи Май райондук сотуна, шаардык сотко кайрылышкан, бирок алар доо арызды кароодон баш тартышкан.






“Бейкүнөө жерден 5 жыл түрмөдө отурдум” деген жарандын баяны

Автор: Бекболот Сарыбаев
Оператор: МухамадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(3)
SUPER.KG видео
10.02.2021. 00:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akiykattik ornop jatat olkodo uwundai bez predelwikterdin aianan kunoosuz adamdar kamalip jatat....Ech kimde mindai jamandik bolbosun, Japarovgo rahmat baw alaman olkonu bawkarip iretke koiup jatat!
10.02.2021. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Садырга рахмат
10.02.2021. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kuban-1207,Садыр эмес Сооронбай Жээнбековдун убагында акталыптыр.
Ошол кездеги тергөөчү, соттор камалыш керек ошондо Садыр Жапаровко рахмат айтабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: