super.kg logo

Дымагы күчтүүлөрдүн кезеги үзүлбөгөн Бишкек мэриясынын креслосу: Руслан Тагаев деген ким?

 

Бүгүн, 10-январда Бишкек шаардык мэриясынын алдында митинг болуп өттү. Чогулгандар жаңы мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Бактыбек Кудайбергеновго каршылыгын билдиришип, өздөрү туура көргөн Руслан Тагаевдин талапкерлигин көрсөтүшүүдө.

Руслан Тагаев "Мекенчил" партиясынын кандидаты, буга чейин 2014-жылы Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Руслан Тагаев 42 жашта. Ал Фрунзе шаарында төрөлгөн.

Эске салсак, буга чейин дагы Бишкек шаардык мэрдин кызматы талашка түшүп келген. Ошол кездеги шаардын мэри Азиз Суракматов кызматынан шайлоого катышуу үчүн кеткенден кийин, бул кызмат талашка түшүп, өзүнүн талапкерлигин көрсөткөндөр дагы, алмашуулар дагы болду.

Кийин октябрь окуяларынан кийин “Мекенчил” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Төрөхан Жунусбеков да өзүн мэрлик кызматка татыктуумун деп сунуштаган. Анын катарында Аскат Осмонов аттуу жаран да бар, ал өзүн мэрлик кызматка сунуштап митингге чыккан.

Ал ортодо 2020-жылдын 20-октябрынан 22-октябрына чейин Нариман Түлеев да бул кызматка келип, андан соң Балбак Түлөбаев болуп, 9-февраль күнү эртең менен кызматтан өз каалоосу менен кеткенин билдирген.

Кечээ, 9-февралда Бишкек шаардык мэринин милдетин аткаруучу болуп Эрмек Нургазиев дайындалып, 4 сааттан соң алынган. Бүгүн, 10-февралда мэрдин милдетин аткаруучу болуп Бактыбек Кудайбергенов дайындалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
10.02.2021. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Фрунзеде төрөлбөй эле Кара-Кулжада Чалма айылында төрөлгөн.
10.02.2021. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсыл жерде торолсо да мамлекет учун ак кызмат кылып берсе болду.
10.02.2021. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен эле калган окшойм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: