super.kg logo

"Шаардыктар менин иш планыма кызыкдар". Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кандай убадаларды берди?

 

Бүгүн, 10-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Бактыбек Кудайбергенов дайындалды. Ал кызматка дайындалгандан көп өтпөй эле кайрылуу жасап, аткара турган иштери тууралуу кыскача маалымат берди.

Толук кайрылуусу:

"Урматтуу Бишкек шаарынын тургундары, кыргызстандыктар!

Премьер-министр Улукбек Марипов тарабынан Бишкек шаарынын мэринин кызматын убактылуу жетектөө чечими чыкканын маалымдоо менен алдыга коюлуп жаткан приоритеттүү иш алып баруу планымды кыскача тааныштырып өтүүнү туура көрдүм.

Албетте, азыркы учурда шаардыктар менин иш планым, актуалдуу маселелерге болгон жеке көз карашыма кызыкдар. Бишкек шаары борбор калаабыз болгондуктан ар бир сунуш, долбоор, чечим, дыкат ойлонулуп реалдуу болушу мен үчүн негизги принцип. Шаардыктардын күнүмдүк жашоосунан баштап, келечектеги пландарга болгон суроо-талабын аз күндө деталдуу көрсөтүп, атайын маалымат жыйында белгилеп өтөм.

Бирок алдыма койгон эң башкы милдеттердин алдыңкы ондугун сунуштайм. Ар бир багыт боюнча мэриянын бул убакытка чейинки иш планы акталып, кээ бир гана өзгөртүүлөр болорун эскертип кетким келет.
1. Эпидемиялык абалды жөнгө салуу жана КОВИД-19га каршы иш-чараларды натыйжалуу уюштуруу;
2. Бишкек шаарынын башкы планынын ачыктыгын камсыздоо;
3. Шаардык бюджеттин толукталышынын жана сарпталышынын ачыктыгын камсыздоо;
4. Ар бир муниципалдык кызматтын жана муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыздоо жана уюштуруу;
5. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу;
6. Шаардык коомдук транспортторду экологиялык талапка жооп берүү иштерин тездетүү;
7. Шаардыктардын суроо-талаптарын ыкчам чечүү багытында санариптештирүү тиркемесин тез арада киргизүү;
8. Муниципалдык жетекчилердин жана кызматкерлердин ишин баалоо KPI индикаторлорун киргизүү;
9. Шаардын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн чагылдыруу, муниципалдык менчиктердин иштөө статусунун ачыктыгын камсыздоо;
10. Буга чейинки кабыл алынган программалардын, стратегиялардын аткарылышын толугу менен карап чыгуу, анализдөө жана жыйынтыгында тиелешүү чараларды кабыл алуу.

Урматтуу шаар тургундары, бул негизги багыттар сиздердин суроо-талап менен толукталат, кенен, деталдуу форматында да талкууга салам. Шаардыктар менен биргеликте аз убакытта мэрия эффективдүү иш алып барат деп кепилдик берем".






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: