«Ош» эл аралык аэропорту Алматы шаарынан алгачкы чартердик каттамды тосуп алды
«Ош» эл аралык аэропорту Алматы шаарынан алгачкы чартердик каттамды тосуп алды. Бул тууралуу "Манас" Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.«Ош» эл аралык аэропорту бүгүн, 16-февралда «SCAT» авиакомпаниясынын «Алматы-Ош-Алматы» багыты боюнча алгачкы чартердик каттамды тосуп алды.
Чартердик каттам жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат.
Бул каттам менен Алматы шаарына 1 жаш баланы кошкондо 142 жүргүнчү учуп кетти.
«МЭА» ААК COVID-19 пандемия маалында учактарды жана жүргүнчүлөрдү кынтыксыз тейлөөдө жана ошондой эле ооруну жуктурбоо үчүн коргонуучу бардык чараларды көрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(1)
Takehta
16.02.2021. 17:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баасы канча экен кимдер уча алат экен?
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















