Садыр Жапаров: "Орус тили расмий тил гана эмес, өлкөдөгү улуттар аралык баарлашуунун тили"
"Орус тили расмий тил гана эмес, өлкөдөгү улуттар аралык баарлашуунун тили", - деп президент Садыр Жапаров "Слово Кыргызстана" гезитинде чыккан макаласында билдирди.
Ал орус тили - заманбап адабиятты жана маданиятты түшүнүү үчүн чексиз мүмкүнчүлүктөрдү ачкан коммуникативдик курал экенин белгиледи.
"Негизги маалыматтарды биз орус тилинде алабыз. Орус тили расмий тил гана эмес, өлкөдөгү улуттар аралык баарлашуунун тили. Ал мыйзамдык деңгээлде жакшы корголгон, анын статусу биздин Конституцияда жазылган. Заманбап жаштар эки же андан ашык чет тилде сүйлөгөндө коомдо жакшы тенденция бар. Англис тили дагы эл аралык баарлашуу тили болгондуктан, жаш муундардын өкүлдөрүн чет тилдерди тереңирээк изилдөөгө үндөгүм келет", - дейт президент.
Баткенде күйөөм сабады деген келин милицияга кайрылды
Автор: Жылдыз Джускембаева
Оператор: Элчибек Кыштообаев
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:17
2025-06-27
11:27
2025-06-27
19:52
2025-06-26
Рейтинг:
0

