Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата майрам уюштурулду (видеорепортаж)






Бишкек шаарындагы карылар үчүн социалдык-стационардык мекемеде 23-февраль - Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата "Алга, Аталар" аттуу конкурс болуп өттү.
Конкурсттун шарттары боюнча аталар мекеменин кызматкерлери менен биргеликте ар кандай музыкалык номерлерди даярдашкан. Аталган мекемеде мындай иш-чаралар ата-апаларга моралдык колдоо көрсөтүп, маанайларын көтөрүү максатында жыл сайын өткөрүлүп келет. Иш-чарага демөөрчүлөрдүн салымы да бар, беш топтон турган тайпаларды калыстар тобу эмгегине жараша баалап, мыктыларды аныкташты.
Иш-чарага SUPER.KG порталы күбө болуп, мекеменин жетекчиси Эркингүл Абдылдаеваны кепке тартты.
"Бул тематикалык иш-чара ата мекенди коргоочулардын күнүнө арналган. Баарына белгилүү болгондой, карылар үйүнө келген адамдар бул кандай адамдар, алар турмуштун ар кандай оор кырдаалына туш келип, кыйынчылык көрүп, балким, үй-бүлөсүнө, бала-бакырасына таарынып же ошолорго батпай калып, же башка себептер менен келген адамдар.
Бүгүнкү күндө биздин мекемеде 217 киши бар, демек, бул жакта ошончо тагдыр жашайт десек туура болот. Бул жакка келген ата-апалардын көңүлүн ачып, мурдагы оор басып өткөн турмушун эстебесин, депрессияга чөкпөсүн деп ушул сыяктуу ар кандай иш-чараларды өткөрүп турабыз. Эми алдыда "Алга, апалар" деп 8-Мартка карата иш-чара өткөрөбүз", - деди Абдылдаева.
Иш-чарадан кызыктуу сюжетти видеодон көрүңүз, окурман.
Ата-Мекенди коргоочулардын күнүнө карата "Алга аталар" аттуу сынак болуп өттү
