super.kg logo

Блогер Элмир Сыдыманов толук акталды

 

Блогер Элмир Сыдыманов толук акталды. Бул тууралуу 24-мартта Сыдыманов SUPER.KG порталына билдирди.

Блогердин айтымында, ал толук түрдө акталып чыккан.

Буга чейин Башкы прокуратура блогер Элмир Сыдымановго койгон айыбынан баш тарткан.

Окуянын чоо-жайы:

Инстаграмда Сыдыман каймана аты менен белгилүү болгон блогер февраль айында өзүнүн баракчасы аркылуу түз эфирде Кыргыз өлкөсүнүн айрым облустарында колдонулган сөздөрдү сындаганы коомчулукта кызуу талкууга алынган.

Элдин нааразычылыгын жараткан блогер кийин милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ага Жазык кодексинин 313-беренеси "расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты (араздашууну) козутуу" боюнча айып коюлган.

28-февралда ал үй камагына чыгарылган.

8-июндагы отурумда судья блогердин сөзү боюнча психологиялык-лингвистикалык экспертиза жүргүзүш керектигин айтып, соттук териштирүү анын жыйынтыгы чыккандан кийин уланарын билдирген.

Буга чейин Сыдымандын соту 12-ноябрга белгиленип, ал Садыр Жапаровдон жардам сураган.

Эске салсак, 2020-жылы 16-мартта Элмир Сыдымановго карата козголгон кылмыш иши Октябрь райондук сотуна өткөрүлгөн.








"Хайп менен эмес, туура жактан таанылуу керек экенин түшүндүм"

Автор: Гүлзина Каныбекова
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
24.03.2021. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Эми Кыргыз элим деп калатда
24.03.2021. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
3 4 жылга кесип жибериш керек эледа анан озуда башкаларда кыргызды болуп суйлобой калат эле
24.03.2021. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Ошко келип кет,"ыссык"самса алперем, экинчи Оштук дей албагыдай кылып.
Rusi79 түзөттү 2021-03-24 18:32:48
24.03.2021. 18:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ошондо куносу жок болуп калдыбы?
Беркичи ун тараткан элге жардам берген бала ал куноокор. Бул ак. Алга деле ырайым кылсын сот
24.03.2021. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акча,акча,акчанын кучу менен соттордун оозун жапты да.
25.03.2021. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми айран менен ашлянфуну үйлөп ичет өмүр бою.
25.03.2021. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Не делайте из мухи слона... Адам өлтүргөндөр,маньяк, педофилдер азаттыкта жүрөт го. Жөн эле сүйлөп койгонду каматып тообо)))) силер да приколсуңар го комментчилер...)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: