super.kg logo

"Баарын кантип камайбыз, УКМКнын СИЗОсунда 70 эле орун бар". Камчыбек Ташиев мамлекетке төлөнгөн акчалар тууралуу эмне дейт?

 

Бүгүн, 26-мартта журналисттерге чек ара маселелери боюнча маалымат берип жаткан Камчыбек Ташиев темадан тышкары берилген суроолорго дагы жооп берди. Анда коррупциялык иштерге катыштыгы бар делген мурдагы жана азыркы аткаминерлерден өлкө бюджетине топтолгон акча тууралуу дагы суроо берилди.

"Ооба, көптөгөн ири кармоолор болуп жатат. Бирок алар кармалып кайра үй камагына же ооруп ооруканаларга чыгарылып жатат. Жалпысынан бул эсепке канча акча которулду. Алардын акча которуусу силерди "сатып алуу" эмеспи?", - деди журналист.

"Эч кандай сатып алуу жок, биз ачык иштеп жатабыз. Себеби УКМКнын башында мен отурам. Демек, коррупционерлерден өзүмө эч нерсе албайм. Биз коррупционерлер келтирген зыянды аныктап, аларга айтып, алар тергөө менен иштешүү келишими менен аныкталган сумманы төлөп берип жатышат. Алардын баарын кантип камайбыз? УКМКнын СИЗОсунда 70 орун бар.

Мына кечээ Аманкулов төлөдү, андан мурун судья төлөгөн, Бабанов дагы төлөдү, күндө ондогон миллион сомдор мамлекетке төгүлүп жатат, мунун баары бюджетке которулат. Ал эми Өмүрбек Бабановдун иши боюнча көптөгөн изилдөөлөр жүрдү. Муну Финполиция жүргүзүп, андан кийин биз жүргүздүк. Андан кийин Бабанов менен сүйлөштүк, ал бюджетке жардам берди. Ким жардам берем десе, биз баш тартпайбыз, ал колунда бар киши, берем десе бере берсин да", - деди Ташиев.






Ташиев Кыргыз-Өзбек чек ара маселесинин чечилиши боюнча маалымат берди

Автор: Жылдыз Джускембаева
Оператор: Айбек Алимов
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(4)
26.03.2021. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Аш болсун! Даары болсун! Эртең жарымын сен жедиң башталбаса эле болду.
26.03.2021. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Өздөрүнө курдуруп, өздөрүн камаш керек!
26.03.2021. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ар адамдын ойу ар кандай менин оюмча Ташиев мыкты жумуш аткарып жатат
SUPER.KG видео
27.03.2021. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура чечилип жатат толук чечилгенден кийийн зым тоскула ошондо сен кирдин мен кирдим токтойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: