super.kg logo

Тышкы иштер министрлигинин кызматкери каза болду. Ал коронавируска каршы эмдөөдөн кийин көз жумганы айтылууда

 

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Бахтияр Шакиров Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат органдарынын системинде өз эмгек ишмердүүлүгүн ТИМдин Консулдук кызмат департаментинде баштаган, ошондой эле ТИМдин Эл аралык укук департаментинде жана Москва шаарындагы Кыргыз Республикасынын элчилигинде иштеген.

Ал кесиптештеринин эсинде эмгекчил, адамга ар дайым жардам берүүгө даяр жана ак ниет адам катары калат", - деп жазылат маалыматта.

Мекеменин тараткан билдирүүсүндө, маркумду өлүмгө жеткирген себеп айтылган эмес.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы маалымат катчысы Елена Баялинова социалдык тармактагы баракчасына Шакиров коронавируска каршы эмдөө алгандан кийин каза болгонун, анын өлүмүн Саламаттыкты сактоо министрилиги кылдат изилдөөсү керек экенин жазып чыкты.

"39 жаштагы маркумдун жакындары 2-апрелде эртең менен менин телефонума чалып, ал бир күн мурун COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүп, биринчилерден болуп SinoPfarm вакцинасын алганын айтышты.

Менин оюмча, Саламаттыкты сактоо министрлиги буга объективдүү кызматтык иликтөө жүргүзүп, анын жыйынтыктары жөнүндө отчёт берсин. Ал эми өлкөнүн дарыгерлери бул фактыны эске алып, эмдөөдөн өтө турган жарандарды кылдат текшерүүдөн өткөрүшү зарыл", - деп жазды.

Ал эми бул маалымат боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине байланышканыбызда, мекеме маалымат берүүдөн баш тартып, министр Алымкадыр Бейшеналиев жыйында экенин айтып тим болду.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.






Тышкы иштер министрлигинин кызматкери каза болду

Автор: Ырыскелди Салбаров
Оператор: Чыңгыз Калбердиев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
02.04.2021. 10:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эми эчким албайт кытайдыкын
02.04.2021. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Андан олгон жок деп чыгышат, антиреклама болбосун деп.
02.04.2021. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кытай озу колдонбогон вакцианы биздикилер суйунуп алып жатышат...
Кытайдан жакшылык кутпогулочу, алардын бизнеси журушуп жатат.
Былтыры сепкен эгиндин тушумун быйыл алып жатышат...
02.04.2021. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эмдөөдөн отпогуло кырат бул вакцина
02.04.2021. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми баары баш тартат,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: