super.kg logo

Чүйдө 16 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү: Кыздын сөөгү бүгүн жерге берилди

 

Буга чейин Чүйдүн Кемин районунда 16 жаштагы кыз киши колдуу каза болгону маалым болгон. Анын сөөгү бүгүн, 23-июнда жерге берилди.

Эске салсак, 21-июнь күнү болжол менен саат 17:15 чамасында Кемин районунун аймагындагы токойлордун биринен кыздын жансыз денеси табылган. Милиция кызматкерлери жансыз денеге кароо жүргүзгөндө анын киши колдуу каза болгондугу аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене "киши өлтүрүү" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыш ишине шектелип, буга чейин бир нече жолу соттолгон 1979-жылы туулган жаран кармалган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүүдө, ошол күнү болжол менен саат 11:00 чамаларында каза болгон кыз апасына чалуу үчүн кошунасынын телефонун сурап, андан кийин акча сураган учурда шектүү кызга тийишип, денесин кармалап баштаган. Ал маалда кыз кыйкырып баштаганда коркуп кеткен шектүү жаран кызды муунтуп, башка кошунасынын унаасын сурап, жансыз денени жашыруу үчүн аны токойго таштап салганы маалым болгон.

Көп өтпөй кыздын апасы бул суук кабарды угуп ооруканага түшкөнү белгилүү болгон.






“Ал менен пикир келишпестик болгон, кек сактап калган тура” дейт өлтүрүлгөн окуучу кыздын апасы

Автор: Медина Найманова
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: