super.kg logo

"Сасык тумоодой болуп ооруп калган". Кандын рагына кабылган 4 жаштагы Шабдан жардамга муктаж

 

4 жаштагы Шабдан Абдывалиев 3 бир туугандын эң кенжеси, ага 2019-жылы дарыгерлер кандын рагы деген диагноз коюшкан. "Чуркап ойноп эле жүргөн балам сасык тумоодой болуп ооруп, ушундай дартка кабылып калды" деген Шабдандын апасы Тахмина Бактыбек кызы төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Таласта жашайбыз, үч балабыз бар. Шабдан эң кичинебиз. 2019-жылы эле сасык тумоодой болуп дене табы түшпөй ооруп калды. Мындай ооруйт деп үч уктасак түшүбүзгө кирген эмес. Дарыгерлер Таластан Бишкекке алып барып көрсөткүлө деп айтышты. Республикалык ооруканада жатсак кандын рагына окшоп жатат, онкологиялык ооруканага баргыла дешти. Ал жактан 90 пайыз кандын рагы деп айтышты. Эки жылдан бери ушул оору менен алышып келебиз. Гормондук жана химиялык дарыларды алды, эми дагы 3 химиялык терапиядан өтөбүз. Андан соң чет өлкөгө алып баруу зарыл экен. Болбосо баланын өмүрү коркунучта дешти. Түркияга алып баруу үчүн 80 миң АКШ доллары керек экен, ага биздин каражатыбыз жок болуп, кайрымдуу элден жардам суроого аргасызбыз", - дейт Бактыбек кызы.

Шабданга жардам берүү үчүн реквизиттер:

ЭЛКАРТ: 1031 1202 0067 2974
МБАНК: 0553 981 681
ЭЛСОМ: 0553 981 681
О! ДЕНЬГИ: 0706 53 85 09
СБЕРБАНК: 5336 6901 8449 2389
СБЕР БАНК ОНЛАЙН: +79773511521- Эжеси Кожокеева С.А
ОПТИМА БАНК: 1097 9417 4084 5220

ОПТИМА БАНК: 4169 5853 4901 1154
РСК БАНК 29 92 273
Байланыш телефондор:
Атасы: 0553 981 681;
Апасы: 0709 077 531.


кошулду





4 жаштагы Шабдан сиздин жардамыңызга муктаж

Автор: Гулзада Абдырахманова
Оператор: МухаммадЗиямидин Турдубек уулу
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
04.09.2021. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Келгиле жардам кылалы, 50 сом 100 сом болсо да коп тукурса кол болот, Аллахым шыпаа сын берип айгып кетсин Оомийн
06.09.2021. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сакайып кеттиниздер оорубасын эч бир бала
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: